8-август: күн ачык болот

8-Авг. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 8-августа күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +31...+36;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +33...+38;

Баткен дубанында түнкүсүн +19...+24, күндүз +34...+39;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +36...+38 градус ысык болот.

Ал эми 9-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!