Кочкордо жердин алдынан өзгөчө күмбөз табылды

9-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргызстанда биринчи жолу уникалдуу тарыхый ачылыш болду. Бул тууралуу “ZAMAN.kg” сайтына тарыхчы, археолог Кубат Табалдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, үстүбүздөгү жылы Нарын облусунун Кочкор районунда тарыхый эки объекттиде казуу иштери жүргүзүлгөн. Биринчисин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доцентти Орозбек Солтобаев студенттер менен эки жума мөөнөттүндөгү археологиялык практиканы аталган райондун Кум-Дөбө айылында жүргүзгөн. Экинчисин болсо өзү жетектеген Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин археологиялык экспедициясы жогоруда аталган айылдын түндүк-чыгыш тарабында бышкан кирпичтен салынган курулуштун ордун казуу иштери жүргүзүлүүдө.

«Биринчи объект боюнча биздин жалпы буга чейинки жүргүзгөн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгы боюнча мына ушул Кум-Дөбө айылынын батыш тарабында Махмуд Кашгаринин картасында белгиленген Кочкор-Башы шаары жайгашкан. Ошол шаар сакталып калган. Бул шаардын ачылышы келечекте кадимкидей чоң бир натыйжаларга алып келет. Ал жерде ачык асман алдында музейлер курулушу мүмкүн. Экинчи объектини мен 1991-жылы көрүп, ошондон бери бул жайды изилдөө иштери үчүн каражат издеп жүргөм. Анан 2015-жылы Түркиянын «ТИКА» деген эл аралык кызматташтык коомунун эксперти, профессор Осмон келип, ушул «эстеликтиктерди изилдөөгө жардам көрсөтөлү»,- деген. Ошондон улам изилдөө иши «Манас» университети тарабынан башталып, кийин бул боюнча «ТИКА» кызматташтык борбору толук кызматташууну баштаган. Учурда бышкан кирпичтен жердин астына салынган курулушту дээрлик ачтык. Буга чейин маалымат булактарына жергиликтүү мурастарды сактоочу Кайырбек Коңурбаев бул курулушту шаардын оорду деп айтып жүргөн»,- дейт Табалдиев.

«Эстеликти биз казаардын алдында шаардын калдыгы эмес, күмбөз же жердин алдына курулган ханака деп болжолдогонбуз. Казуу иштеринен кийин биздин биринчи пикир туура чыкты. Атап айтканда, бул жерде эки бөлмөдөн турган күмбөз жайгашкандыгы белгилүү болду. Анын биринчи бөлмөсү кире бериш, экинчиси куполдуу, кишинин сөөгү жайгашкан бөлмө экени билинди. Бул эстеликтин маанилүүсү тереңдиги 6 метр болгон шагыл жерди жиреп, түздөп туруп жердин алдына салынган күмбөз болуп жаткандыгында. Себеби бул эстелик элди сыртынан карап суктандыруучу күмбөз эмес. Ал жердин алдына сапаттуу бышкан кирпичтен салынган жана ичинен карап суктануучу күмбөз. Анын жасалгасын өтө чеберчилик менен жазалган. Башкача айтканда, күмбөзтүн ичин, аркаларын жана алдын жасоодо ошол учурдун өтө жогорку архитектуралык ыкмалар колдонулуп курулган. Ошондуктан 6 метр тереңдикте жердин алдына салынган күбөздү Орто Азияда жана анын ичинде Кыргызстанда биринчи жолу кезиктирип жатабыз. Күмбөздөрдүн ар бир аркасы жана деталдары буга чейин кездешкен эмес. Мындан улам бул сенсациялуу ачылыш болуп калды. Ошондуктан эстеликтер реставрацияланбайт, болгону биз консервациялап турабыз»,- деди ал.

«Ошондой эле мурда элге бурмаланып бул жерде шаар болгон деп айтылып келген. Ал шаарды Шамшы тараптан келген сел басып калган деген ишеним же пикир туура эмес экендиги толук аныкталды. Тагыраагы буга чейин бул жердин астында шаар жатат деген пикир туура эместигин казуу иштери көрсөттү. Бул жердин астына Караханий мамлекетинин тушунда бир өкүмдарга жана ошонун башчысына атайын салынган күмбөз болушу мүмкүн. Анткени ар бир изилдөөнүн башталышы гипотезаларды, алгачкы ой-пикирлерди жаратуу менен башталат. Балким ушул караханийлердин өкүмдарларынын бири Баграхандын урпактарына дагы жердин алдына күмбөз курушу мүмкүн. Бул жай Бурахандын күмбөзү болушу мүмкүн. Анткени, мындай пикирдин жаралышына Бурахан Жети-Сууга жасаган жортуулундан кийин Артышка бара жатып, ал Кочкор-Башыда көз жумган деген маалымат түрткү болуп жатат. Ошондуктан анын сөөгү ушул жерге коюлушу мүмкүн. Бул биздин алгачкы гипотеза. Муну тарыхый далилденген чындык деп кабыл алыш туура эмес. Себеби биз пикирибизди далилдеш үчүн ошол жерден таштан жазылган эпитафия же болбосо ошол эстеликтен жазуу тапканда гана аныктай алабыз. Ошондон улам биз муну алдын ала айткан гипотезабыз экенин баса белгилейбиз. Балким, бул күмбөз башка дагы өкүмдарларга да курулган болушу мүмкүн. Кандай гана болбосун бул күмбөздү жердин астына куруу чанда гана кездешүүчү уникалдуу көрүнүш. Ошондуктан бул Кыргызстандын археологиясында көрүнүктүү ийгилик болуп калды»,- деп кошумчалады ал.

Андан сырткары тарыхчы, археолог Кубат Табалдиев аталган эстелик мурда жана кийин бир канча ирээт бузулганын, акыркысы жергиликтүү "көркоолор" имиштерден улам алтын издеп, эстеликтин жакшы сапаттуу дубалдарын чукулук, лом менен омуруп бузуп жиберишкенин айтат. Аны менен бирге эле аталган эстеликтин үстүн ушул жылдын август айынын аяк черине чейин сапаттуу жаап, эмдиги жылдан тартып, Нарын облусундагы эң көрүнүктүү музей комплексине айландыруу иши баштала тургандыгын белгилейт. Ошондой эле ал - «ЮНЕСКОнун талабына ылайык, эстеликтин бүт бардык деталын бекемдетип, анан айнектин ичинде жакшы сактала тургандай кылып курдурабыз. Бул күмбөзтөр да «Манас» күмбөзү жана «Өзгөн» күмбөзү сыяктуу эл тааныган музейге айланат»,- деген ойдо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!