10-август: айрым жерлерде жаан жаайт

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 10-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 10-14 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36;

Талас аймагында түнкүсүн +12...+17 күндүз +30...+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +31...+36;

Баткен дубанында түнкүсүн +18...+23, күндүз +32...+37;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +27...+32;

Бишкек шаарында 10-августта жана 11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +32...+35 градус ысык болот.

Ал эми 11-августта түнкүсүн айрым жерлерде, 11-августта күндүз жана 12-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп жана бийик тоолордо кар жаайт. 12-августта жаан-чачын айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!