Жаңы бала бакча ишке кирет

10-Авг. 2017, Бейшемби

Бишкек шаарынын “Көлмө” жаңы конушунда курулуп жаткан бала бакча үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-августа Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов калаанын социалдык объектилерин кыдыруу учурунда коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүракунов билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган бала бакчанын курулуш иши 1993-жылдан бери жүргүзүлүүдө. Бирок, 2015-2016-жылдан бери иш кызуу жүрүп баштаган.


“Проектинин негизги сметасы 70 млн сом. Бирок, тендер 56 млн сомго өткөрүлгөн. Бул жай 160 балага ылайыкташкан. Азыркы учурда бала бакчанын чатырын жабуу иштери бүткөрүлүп, бөлмөлөрү бөлүп турган дубалдары тургузулду. Дубалдарды шыбоо жана инженердик түйундөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле канализация иштери бүткөрүлдү. Объект үчтүбүздөгү жылдын октябрь айында ишке кирип калат”,- дейт Өмүракунов.

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Дүйшөнбиев, капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүракунов жана райондук администрацияларынын башчылары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!