11-август: жаан жаайт

11-Авг. 2017, Жума

Бүгүн, 11-августта түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, жаан-чачын айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27;

Бишкек шаарында 11-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 11-августта күндүз жана 12-августта жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19...+21, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 12-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы, жаан-чачын айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетет. 13-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!