Чек ара боюнча протоколго кол коюлду

17-Авг. 2017, Бейшемби

Кечээ, 16-августта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-отурумунда Кыргыз мамлекетинин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бул күн тарыхый күн болгонун жана Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташуусу мындан ары да жакшыра турганын баса белгиледи.

Өкмөт башчысы Өзбекстан тарап менен соода-экономикадан тышкары маданий-гуманитардык, билим берүү, дене тарбия жактан кызматташуу улана турганын кошумчалады. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев жакын арада Өзбекстанга расмий иш сапары менен бара турганын билдирди.

Ал эми өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов отурумдагы сүйлөшүү Өзбекстан тарапты канааттандырганын айтты. Кыргызстан менен бардык тармак боюнча кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Отурумда өкмөттөр аралык 8-отурумдун протоколуна жана чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюлду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!