Майназарова: “Боорумду алмаштырып, гепатиттен айыктым”

18-Авг. 2017, Жума

Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Майрам Майназарова көп жылдан бери гепатиттин Б, Д түрү жабыркап келет. Оорусу күчөп боору жараксыз абалга кептелген соң боорун алмаштырууга аргасыз болгон. "Оорунун кадырын боорукер жан билет" дегендей дартка чалдыгып, башынан далай оор күндөрдү өткөргөн каарманыбыз илдет тууралуу Zaman. kg маалымат агенттигини айтып берди.

- Мен 12 жылдан бери гепатит Б Д менен ооруп келем. Бул оору менде бар экенин билбей эле жүрө берипмин. Качан гана буттарым шишип, алып кетип, шайып ооп, боорум жабыркаганынан улам ооруканага барып, гепатолог Сапарбү Тобокалова аттуу дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырсам гепатит Б Д түрүнө өтүп кетиптир. Дарыгер эже мага абдан жардамын берип, көп дарылады. Мендеги вирустардын саны 6 млн ашуун болуп кетиптир. Колдорум бутум, бетим, шишип жатты. Дарыларды үзбөй ичип 5 жылдай дарыландым. Эгер учурунда тийиштүү дары албаганымда өзүмдүк кандай абалда калмакмын элестетүү дагы кыйын. Кийин боорум өзүнүн кызматын аткара албай, иштеши начарлап кеткени байланыштуу тез аранын ичинде Индия мамлекетине боорумду алмаштырышым керек болду. Бул учурда өзүмчө бушайман болуп, ал жакка барсам айыгып кете аламбы деп санаага алдырып дагы жүрдүм.

“Донор издөөдө кыйынчылык жаралды”

- Донор табууда бир топ кыйынчылык болду. Бир тууган иним донор болом деп анализдерин тапшырып, даярданып жаткан. Бирок, анын келинчеги каршы болуп “майып болуп каласың” дегенинен болбой калды. Кийинчирээк бир тууган агамдын уулу Бактыгул Жакыпбеков Москвада иштеп жүргөндүктөн телефонума чалып “эгер менин кан группаларым, анализдерим туура келсе сизге донор болом” деп калды. Москвадан Бишкекке учуп келип, экөөбүз анализ тапшырган соң анализдерибиз дал келди. Боору дагы таза чыкты. Индияга боорду алмаштырууда жалпы 40 миң доллар керек экен. Операция жасатууга 35 миң доллар, жол кире тамак-ашы, жатаканага эле 4 миң доллар табууга туура келди. Кыргыздын жакшы сөзү бар эмеспи “көп түкүрсө көл болот” деген кайрымдуу адамдар көп экен ар кайсыл жактан жардамын аябай берип, жатышты. 40 миң доллар деп айтылганы менен аны чогулта келгенде абдан эле кыйын болду. Бир туугундар, достор жардамга кол сунушту. Нарындан Дүйшөнбек аттуу досубуз бар эле Индияга жөнөп атабыз деген күнү “Жип” авто унаасын үйүбүздүн алдына токтотуп “ушуну канча болсо сатып иштеткиле” деди. Ал машинаны өзү 15 миң долларга сатып алган болчу. Чет өлкөдөгү мекендештер көп жардам берип жатышты. Түштүк Кореядан, Москвадан, Дубайдан жардам көрсөтүштү. Мындан тышкары кайрымдуулук концертин уюштурдук. Мен болсо эптеп Индияга жетсем жаным аман калчудай абалды өзүмдү алып жүрдүм.

Эжесине донор болгон Бактыгул Жакыпбеков операциядан кийин

“Инимдин боорунун 70 пайызын мага салып, өзүмдүкүн алып салышты”

- Акчаны топтолгондон кийин донорум болуп чогуу Индияга сапар алдык. Баргандан кийин оорукананын кызматкерлери өздөрү тосуп алышты. Делиден бир жарым саат алыстыктагы Ноида шаарындагы клиникага бардык. Барган күнү эле ооруканага жаткырышты. Төрт күн катары менен текшерип чыгышты. Медициналык жабдуулары заманбап, бардык шарты бар экен. Өзүм дагы операцияга киргенимде сүйүнүп ушул оорудан жакшы болом деген ишеним менен кирдим. Алар бейтапты абдан карашат экен. Бүт текшерүүдөн өткөрүштү мени 4 күн, инимди бир жума текшеришти. Бутунан баштап чачына чейин көрүп чыгышты. Анткени соо адамды оорукчан кылып албайлы деп дыкат текшерүүгө алышат экен. Донорумду текшерүү учурунда менде абдан коркуу сезими болуп жатты. Эгер андан оору чыгып калса дагы операция жасоодон баш тартышат экен. Кудайга шүгүр баары жакшы чыгып он күн өткөндөн кийин бизди операцияга киргизишти. Алгач донорум операцияга бөлүмүнө кирип, ага 11 саат операция жасашты. Үч сааттан кийин мен кирип меники 14 саатка созулду. Дарыгерлер донорумдун боорунун 70 пайызын мага салышып, өзүндө 30 гана пайызы калат экен. Ал эми меникин түп тамыры менен алып салып, аныкын салышканын айтышты. Анткени кийин боор өзү өсүп чыгып, калыбына келет экен.

Операциядан кийин

“Ойгоноорум менен донорумдун абалын сурадым”

- Операция бөлүмүнөн 3 күндөн кийин палатага которулдук. Алардын наркоздору дагы башкача болот окшойт ойгонорум менен жеңилдей түштүм. Мурда операция болгондор айтып калышчу эле “бир нерселерди сүйлөй бересиң” деп калышчу. Менде андай болгон жок эрте менен кадимкидей эле уйкудан ойгонгондой болдум. Өзүм дагы ооругандан баштап уйкум жакшы болбой калган. Ичим тирелип, түндө басып жүргөн күндөрүм болду. Ойгоноорум менен донорумдун абалын сурадым. Баары жакшы дешти 3 үндөн кийин палатага которулдум. 21 күндөн кийин ооруканадан чыгарышты, ал эми донорумду болсо 10 күндөн кийин чыгарды. Азыр операция болгонума 6 айдын жүзү болду Кудайга шүгүр ден соолугум баары жакшы. Операция болгондон кийин үч айдан бери 15 дарынын түрүн жазып беришип убагы менен ичип жүрдүм. Азыр дагы боордун иштешине өбөлгө түзчү дарыларды ичип турам. Тамак аштан болсо жер жемиштин баарын эле жей берем. Бир гана жүзүм жегенге болбойт. Ал эми тамактардан болсо 3 айдан кийин тамактарды жегенге уруксат берген. Оорудан коркуп калган жаным бир жыл диеатаны сактайын деп айрым тамак-ашка чектөө киргизип келем.

Индиялык хирург менен

“Инимдин боору өсүп, мурунку калыбына келип калды”

- Учурда үй-бүлөм менен Сокулукта турабыз. 3 балам бар. Эки кыз бир уул. Неберлерим менен үйдөмүн. Жолдошум өзүнүн жумушу менен алектенет. Ал эми донор болгон иним Токтогулда турат. Кудайга шүгүр баары жакшы. Операциядан кийин 3 айдан кийин УЗИге түшүрдүк. Түшсө дарыгерлер боору тез өсүп жатканын айтышты. Алты айдан кийин дагы түшүрдүк боор мурдагы калыбына келип калыптыр. Азыр айылда өзүнүн чарбачылык иштери менен алек болуп жүрөт. Жашы 41де келинчегине, бала-чакасына ушунчалык ыраазымын. Азыр бир нерсе көрсөм жакшы нерсе көрсөм эле инимди ойлоп турам ушул жесе, ушуну алып берсем деп өзүмө абдан жакын сезем.

“Элге айтаарым оорубаш үчүн нервди сакташ керек”

- Элге айтаарым көп оорулар нервден болот экен. Убагында дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырым туруш керек экен. Менин деле убагында көрүнгөнгө мүмкүнчүлүгүм, шартым бар болчу. Мага оору билинбей жүрө берген экен. Ооруган жылдардын бир жыл мурун стмоматологго барып, бардык тишимди жасаткан элем. Ушундан болдуго деп ойлой берем. Гепатит менен оорудум дегендерге ушунчалык сыйлайм. Эмне даары керек болсо менде болуп калса аны берем, кай жакта сатылса ошол жактан алышын түшүндүрүп, Индияда сатылса ал жактагы тааныштардан алдыртып колумдан келген жардамымды берип турам.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!