Өлкөдө өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйдү

25-02-2017

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын арасында өз жанын кыйган учурлар көбөйүп жатат. Мунун себеби адистер рэкетчилик, үй-бүлөдөгү жагдайлар, миграциянын айынан болуп жатканын белгилешет.

Жакында эле 4-февралда Ош облусуна караштуу Араван районунда 6-класстын окуучусу Айтибай өз жанын кыйып, анын сөөгү өзү жашаган үйүндө табылган. Ал сарайга жипке асынып алган. Анын мындай кадамга барышы азырынча белгисиз бойдон калууда. Окуткан мугалимдердин айтымында, окуучу таене, таятасынын колунда жашаган. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен апасы Россияда эмгектенчү. Окуучу ак көңүл, шайыр болгондуктан анын мындай кадамга бараарын эч ким күткөн эмес.

Бир айда 15 окуучу өз жанын кыйган

Кыргызстанда 2017-жылдын бир айында эле 15 бала өз жанын кыйган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул сан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Былтыр бир айда сегиз факты катталган эле. Өз жанын кыйгандардын баары мектеп окуучулары. Жандан кечүүгө үй-бүлөдөгү келишпөөчүлүк, жашоо-турмушка байланыштуу жагдайлар себеп болгон. Мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн баардык министрликтер, мамлекеттик мекемелер иш жүргүзө баштады. Алсак, Билим берүү жана илим министрлиги, укук коргоо органдары, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте аймактарды мектеп окуучуларга, студенттерге суицид тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал арада Акыйкатчы институту жыл сайын “10-сентябрды-суицидге каршы күрөшүү күнү” деп жарыялоону сунуштады. Бул күнү жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), тийиштүү мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, ата-энелер, коомчулук менен биргеликте суицидди алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Суициддин күч алышы миграциядан улам болуудабы?

Социолог Топчугүл Шайдуллаева окуучулардын суицидге барышын кыргыз коомунда ата-эне менен балдардын ортосундагы байланыш кескин өзгөргөндүгү менен байланыштырат. Анткени мурунку убакта ата-эне балдарына өзгөчө көңүл буруп, мыкты тарбия бергендиктен балдар арасында жогорудагыдай көрүнүш болгон эмес.

“Баланын өз эркин тандоодо ата-энеси өз пикирин айткан учурда баласы тарабынан пикир келишпестиктер чыккан көрүнүштөр бар. Мындай учурда баланын жан дүйнөсүнө үңүлүп, эч ким карабагандыктан аны жакын адамдары да билишпейт. Миграциялык көрүнүштөн улам көп балалуу ата-энелердин балдары атасыз, энесиз тарбия көрүп, жакын туугандарынын жанында чоңоюп жатпайбы. Мына ушул толук кандуу үй-бүлөнүн жоктугу дагы баланы жалгызсыратат. Бала олуттуу маселени кимге айтаарын билбейт. Дагы бир маселе айрым жубайлар ажырашып, балдары атанын камкордугу жок өсүп жатат. Толук эмес үй-бүлөдө тарбияланган балдар көбөйдү. Балдар арасында уруп сабоо, тоноо, кемсинтүү фактылары күчөдү. Бул мезгилде балага психологиялык жактан абдан эле оор болот. Мына жакында эле бир мугалим окуучуну катуу урушуп койсо, ал өз жанын кыйып салбадыбы. Бул жерде мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин жоктугу. Мугалим деген билимге дасыккан, балдардын жан дүйнөсүн түшүнгөн мыкты педагог болушу керек. Анткени өспүрүм курак балага абдан аяр мамиле жасап, ага жакшылап көңүл буруу зарыл”,-дейт ал.

Психолог: “Жеңил ойлуу суицидге алдыргандар көп”

Психолог Самат Аалкановдун айтымында, эгерде адамдын жашоосунда, үй-бүлөсүндө же окуусунда кыйын кырдаалдар жаралса ал тынчсызданып, кабатырланат. Андан чыгуунун жолун издейт. Ал эми чыгууга бир да жол көрүнбөй жатса, жан дүйнөсүндөгү оору ого бетер күчөп, кутулуунун бир гана жолу көрүнүп башташы мүмкүн. Башкача айтканда, өзүнө-өзү кол салууну ойлонот.

“Суицидге барган адамдын жашоосунда ар кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр болуп, “мен жашабашым керек, өмүрүмдү кыйсам көйгөйлөр чечилет, мындан башка аргам жок” деген чечимге келип калышы мүмкүн. Ал учурда өз жанын кыюунун амалын издей баштайт. Адамдын жашоосунда ар кандай кыйынчылыктар болот, аны кээ бири көтөрө албашы мүмкүн. Мындай кырдаалга психологиялык көйгөйү бар адамдар эле эмес, кайсы гана адам болбосун ошондой учурга туш болуп калышы мүмкүн. Бул чыныгы суицидге кирет. Мындан башка бир канча түрлөрү бар. Шантаждык суицид деген бар, мында адамдын көңүлүн калтыруу, оорутуу. Жеңил ойлуулукка алдырган суицид муну көпчүлүгү тандап алгандыктан ата-энелерин коркутуп ушундай көрүнүштөргө баргысы келет. Мындай учурда жакынкы социалдык чөйрөдөгү кыйын кырдаалды оңдоп кетүү керек. Ага үй-бүлөдөгү тарбиялоо шарттары, мамилеси, ата-эне менен болгон эмоционалдык байланыш жана үй-бүлөнүн ийгилиги көмөк берет. Кырдаалдан чыгуу үчүн психологдун же психотерапевттин жардамы да чоң”,-деди Самат Аалканов.

Суицид боюнча дүйнөдө абал кандай?

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө Батыш мамлекеттеринде депрессияга дуушар болгондор, көйгөйлүү маселеге кабылган адамдар бейтапканаларга кайрылып, өздөрүнө керектүү кеңештерди, дарыларды ала алышат. Ал эми ал жактагы дарыгерлер негизинен бул дарыларды эркин эле рецепт катары жазып бере алышат. Маселен, депрессияга дуушар болгон адам өзү жашаган аймактагы бейтапканага кайрылып, өзүнүн ал-абалын түшүндүрүп, антидепрессант дарыга рецепт ала алат. Финляндия, Германия, Швейцария мамлекеттеринде суициддин алдын алуу боюнча атайын мамлекеттик программалар бар. Ал жакта жеке эле доктурлар эмес, ыктыярчылар окуучулардын студенттердин арасында депрессияга чалдыккан адамдарды аныктап, аларды суицид жолунан кайтаруу боюнча иш алып барышат. Ал эми өз жанын кыюу аз катталган өлкөлөргө негизинен ислам дини орун алган Ирак, Иран, Кувейт жана башка мамлекеттер кирет.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!