24-август: аба +33 градуска чейин ысыйт

24-Авг. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 24-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29;

Талас аймагында түнкүсүн +5...+10, күндүз +23...+28;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32;

Баткен дубанында түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +18...+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 24-26-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +27...+29 градус ысык болот.

Ал эми 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлерде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөйи. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!