30-август: айрым жерлерде жаан жаайт

30-Авг. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 30-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34;

Талас аймагында түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35;

Баткен дубанында түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 31-августта жана 1-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!