Жай айларында катталган 10 оор кылмыш

30-Авг. 2017, Шаршемби

2017-жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын аймактарында катталган жүрөк үшүн алган 10 оор кылтышты Zaman.kg сайты тизмектеп көрдү.


15-июнда Кыргызстандын аймагынан жалпы 150 баштай уй, жылкыларды уурдоого шектүү жарандар кармалган. Кармалган 3 адам Алай районунун тургундары. Алардын бири Ж.К. аттуу жараны 44 жашта болсо, экинчиси С.Т. 43 жашта болгон. Ал эми үчүнчүсү Т.С. 33 жашка чыккан. Алар учурда Бишкекте, Чүйдө жана Ошто жашап турушкан.

Кармалгандар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак, Токтогул, Ноокен, ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын жашоочуларынын жалпы 70тей уюн, жылкысын уурдап кетишкен. Ал эми Ош облусунун Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунан 50 баш, Чүйдөн 30 баш ири мүйүздүү малды уурдаган деп шектелишүүдө. Алар алгач болжогон олжосун жайлоолорго чейин барып байкап, маалыматтарды тактап ыңгайы келген жерден жүк ташуучу унаага салып кетишкен. Кээде ээси жок жайылган малдарды үйүрү менен да айдап кеткен учурлары болгон.


14-июль күнү Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын Аттокуров кѳчѳсүндѳ 1938-жылы туулган М. А. аттуу жергиликтүү тургун жол боюнда канга боелуп жаткандыгы айтылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары маркумдун 83 жаштагы Т.М. аттуу жолдошу кармалган.

Ал ѳзүнүн кѳрсѳтмѳсүндѳ: «ошол күнү бир аз кызуу элем. Кемпирим экѳѳбүз тамактанып отуруп, айтыша кеттик. Мен ага мал-жанды убагында чѳп-суусун карап койбойсуңбү деп уруштум. Ал каяша берди. Мен ачуумду токтото албай стол үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергенмин. Ал кыйкырган боюнча эшикке качып чыкты эле”,- деп түшүндүрмѳ берген.


21-июль күнү Казакстандын Костанай облусунда эл аралык издөө жарыяланган Жылдызбек Бекмурзаев кармалган. Ал Бишкек шаарында жайгашкан “Цзи Сянь” кытай ресторанын карактоону жана “Альфа-Секьюрити” ишканасынан курал уурдоону уюштурган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жашаган 26 жаштагы Э. уулу У аттуу кармалган. Кийинки анын башка кылмыш иштерине тиешеси бар экени аныкталган. Анын негизинде шектүүлөр Э. уулу У жана Ж.Б., А.Ж. аттуу жарандар үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде “Альфа-Секьюрити” ОсООнун мекемесинин кирүүчү эшигин талкалап киришип, “Сайга-410” маркасындагы автоматынан -9 бирдик, “МР-471” үлгүсүндөгү тапанчадан-10 бирдик, “ИЖ-71” үлгүсүндөгү тапанчадан-3 бирдик ок атуучу куралдарды уурдап кетишкен.

Ошондой эле бул кылмыштуу топ ушул жылдын 5-майында Бишкек шаарындагы лифт оңдоочу ишкананын мекемесинен 285 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Андан сырткары 30-майда алар өндүрүштүн ар багытында инженердик-техникалык иштерди жасаган фирманын мекемесинен 396 миң суммасындагы акчасын уурдашканы белгилүү болгон.

Ал эми иликтөөнүн натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар деп шектүү катары мурда соттолгон Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 28 жаштагы М.Э., Бишкек шаарынын 28 жаштагы С.Б. аттуу жашоочулары жана кылмыштын активдүү катышуучусу Аламүдүн районунун 33 жаштагы А. Д. аттуу жашоочусуна кармалган.


31-июлдун түнү 23 жаштагы З.Д. жана 29 жаштагы М.Ж аттуу жарандар Бишкек шаарынан “Хондо-Фит” үлгүсүндөгү таксини жалдашып, шаардын сырт жагындагы бир айылга барышкан. Алар унаадан түшөөрү менен айдоочуну муунтуп, бычак менен бир нече жолу сайып өлтүргөн. Андан соң айдоочунун сөөгүн унаанын багажнигине салып, Кой-Таш айылынын жогору жагындагы тоолордун арасына таштап кетишкен. Алар маркумдун телефонун, унаасын тартып алган (Маркум Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 32 жаштагы Б.Э. 2011-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын кылмыш иликтөө кызматында иштеп, өз ыктыяры менен жумуштан кеткен).

Ошондой эле алар тартып алынган унаа менен түнкүсүн эл ташып акча табуу максатында шаарга киришкен. Кылмышкерлер шаардан 1-августка караган түнү 3 жүргүнчүнү “Манас” аэропорту тараптагы бир дачага жеткиришип, кайра жогорку ылдамдык менен кайтып келе жатышканда Патрулдук милиция кызматкерлерине кармалышкан.


11-августта Ноокат районунун Ак-Терек айылындагы Кескен-Бел аймагында саат 22:30 чамасында киши колдуу болуп өлгөн 25 жаштагы Т.А. аттуу жарандын сөөгү табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар Балыкчы шаарынын 22 жаштагы А.Р. менен Талас районунун 21 жаштагы К.Т. аттуу жашоочулары кармалган. Тергөө учурунда А.Р. аттуу жаран өзүнүн көрсөтмөсүндө 29-июль күнү Балыкчы шаарынан Ош шаарына армияда чогуу кызмат өтөгөн досторуна жолукканы келишкенин билдирген. Акча жаатында А.Р. аттуу жаранда көйгөй жаралып, акча маселесин чечүү максатында досуна жолугат. Жолугушууда экөө автоунааны уурдап келип, сатып жиберүү тууралуу сүйлөшүшөт. 5-август күнү шектүүлөр Анар районуна келишип, «Лексус IS 200» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Араван районунун Гүлбар айылына жеткирип коюну суранышкан. Алар бара турган жерине жакындап калганда айдоочуну муунтуп өлүтүршүп, андан соң унааны айдап Бишкек шаарына сапар алышат. Келгенден кийин аталаш бир тууганын сатып берүүсүн суранат, бирок оң жооп албагандан кийин шаардын четине алып барып таштап кетишкен.


14-август күнү кечки саат 22:00 чамасында Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач токойунда жигитти менен сейилдеп жүргөн жаш кыз-жигитке 20-35 жаш чамасындагы 3 бала кол салган. Алар кыз-жигитке күч колдонуп, уюлдук телефондоруп алып, андан соң кызды жигитинин көз алдында зордуктап кетишкен.



17-августта Бишкектин Гоголь менен Жумабеков көчөлөрүнүн кесилишинде азият улутундагы 40-45 жаштагы эс учун жоготкон адам ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Бул факты боюнча Свердлов РИИБнын тарабынан кылмыш иши козголуп, каза болгон адамдын өлүмүнө шектүү деп 22 жаштагы А.А. аттуу кыз кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүү катары кармалган кыз көрсөтмөсүндө каза болгон адам менен тааныш эмес болгонун, эркек киши кызга бирге спирт ичимдигин ичүүнү сунуштаган. Ичип алгандан кийин ал өзүн билбей бөтөлкөлөшүнүн башына таш менен урганын айткан.


19-август күнү Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен 40-45 жаштар чамасындагы адамдын cөөгү табылган. Бул факты боюнча Свердлов РИИБы тарабынан кылмышка шектүү делип 22 жаштагы Н.У. аттуу Ош облусунун жашоочусу кармалган. Кармалган жарандын айтуусу боюнча экөөнүн ортосунан чыр чыгып, мушташа кетишкен. Өлгөн адам оор жаракатынан улам мерт кеткен.


23-август күнү Ош шаарынын Төлөнов көчөсүндө 61 жаштагы К.Любовь аттуу аял менен анын 39 жаштагы Н.К. аттуу кызы экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп, алардын ортосунда чыр чыккан. Ачууга алдырган кызы дарбыз кесип жеп отурган бычагы менен апасынын сол капталына сайып жиберген. Жаракат алган аял жардам сурап кѳчѳгѳ жүгүрүп чыгып, жол боюна жыгылган.

Кылмышкердин айтымында, апасы аны “ийгиликсиз, акылы жок, бактысыз кызсың, эч кимге керегиң жок”,-деп кемсинткенинен дарбыз жеп жаткан бычак менен ич тарапка сайып жиберген.


28-августта саат 10:00 чамасында Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан. Бул факты боюнча Ош ШИИБнын тарабынан кылмыш иш козголуп, кылмышка шектүү катары маркумдун 25 жаштагы келини Умсунай жана анын 37 жаштагы Жумагүл аттуу бир тууган эжеси кармалган.

Шектүүнүн мындай оор кылмышка баруусуна кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Тактап айтканда, 26-август күнү маркум менен келиндин ортосунда чыр чыгып, кайненеси келинин уулу менен ажыраштыра тургандыгын айткан. Андан соң, өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап жатканда келини ачууга алдырып, сырттан таш алып келип, кайненесинин башына бир нече жолу урган. Анын өлүп калгандыгын билген соң, өзүнүн бир тууган эжесине телефон аркылуу айткан. Окуя маркумдун баласынын Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Эже-сиңди экөөлөп аялдын башын кесип, денени баштыктарга бөлүп салгандан кийин кечинде такси менен таштанды челекке таштап кетишкен. Ал эми денеден бөлүнгөн башты башка даректеги таштанды челекке салышкан. Азырынча маркумдун башы табыла элек. Кармалган шектүүлө аялдын бутун дагы кескилөөгө аракет кылган. Бирок кесе албай коюшкан. Окуяга шектүү келиндин 2 баласы бар жана бул келиндин эжесинин дагы өз үй-бүлөсү бар.







Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!