6-сентябрь: бийик тоолордо кар жаайт

5-Сен. 2017, Шейшемби

Бүгүн, 6-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо гана өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым, жерлерде 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34;

Талас аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +26...+31;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27;

Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +32...+34 градус ысык болот.

Ал эми 7-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-сентябрда эртең менен жана күндүз, 8-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!