12-сентябрь: Бишкекте жаан жаашы күтүлөт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 08:53

Бүгүн, 12-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26;

Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24;

Бишкек шаарында 12-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13...+15, күндүз +23...+25 градус ысык болот.

Ал эми 13-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!