Бишкектин батыш тарабы таза суу менен камсыз болот

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:58

Бишкек шаарынын батыш тарабын таза-суу менен камсыз кылуу иши ишке ашты. Бул тууралуу эксперт (KyrSEFF) Бакыт Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин жашоочуларынын саны көбөйүшү менен бирге калкты таза суу менен камсыздоо маселеси жаралган. Мындан улам “жашыл экономика” багытынын негизинде Бишкек шаарынын батыш тарабында жайгашкан Башкара-Суу айылына кубаттуулугу күнүнө 24 миң метр куб метр болгон жаңы “Баш-Кара-Суу” суу сактагычын куруу чечими кабыл алынган.

“Бул жайда 12 колдонуудагы кудук жана 1 байкоодогу кудук бар. Алардын ичинен 4 кудуктын тереңдиги 120 метрге жетсе, 8 кудуктун тереңдиги 150 метрге чейин жетет. Булар жаңы казылып, ишке кирген. Бул кудуктардан чыккан таза суу менен “Арча-Бешик, “Ак-Ордо”, “Ак-Өргө” жана “Сокулукту” камсыз кылууга болот,- дейт Аскарбеков.

“Бул кудуктар “АРИС” проектисинин негизинде ОсОО “CIC” кампаниясы ар бир кудуктарды SP сериядагы көп баскычтуу чөгөрүлүүү насос менен жабдыган. Ошондой эле сууну алууда жана дезинфекциялоодо автоматташтырылган жабдыктарды колдонуу каралган. Эгерде кандайдыр бир жабдуунун колдонуудан же керектөөдөн чыгып калуу коркунучу жаралса, анда автоматтык түрдө операторго смс аркылуу билдирүү келип түшөт. Андан сырткары ар бир кудукта суунун көлөмүн өлчөп туруучу атайын чендик жана суунун чыгашасын көрсөткөн жабдык жайгаштырылган. Бул жабдык аркылуу ар бир кудуктагы суунун өлчөмүн жана керектелген суунун чыгашасын автоматтык түрдө оператордун башкаруусундагы панелге маалыматтар келип түшүп турат. Ал эми оператордун болсо дистантык түрдө белгилүү насосту өчүрүп же күйгүзүп коюу мүмкүнчүлүгү бар”, -деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!