15-сентябрь: аба +31 градуска чейин ысык болот

15-Сен. 2017, Жума, 09:08

Бүгүн, 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27;

Талас аймагында түнкүсүн +1...+6, күндүз +22...+27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30;

Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +26...+31;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +25...+27 градус ысык болот.

Ал эми 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 17-сентябрда күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!