Павловния дарагы Кыргызстанда өстүрүлө баштады

18-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 14:45

Күн чыгыш өлкөсү Японияда кеңири жайылган павловния дарагы Кыргызстандын Токтогул районунда өстүрүлө баштады.

Кыргыздын улуттук аспаптарын жасаган уста Болот Батырканов өткөн жылы бир гектар жерге павловния дарагынын көчөтүн тиккен.

«ZAMAN.KG» маалымат агенттигинин “Жаратман” каарманы Болот Батырканов бул даракты өстүрүүнүн пайдасы тууралуу ой бөлүштү.

“Өткөн жылы кышында үйдө атайын идишке уругун сээп өстүргөнбүз. Жаз алды менен көчөтүн талаага тиктик. Бул дарактын нормалык бийиктиги 4 метрге чейин болот экен. Бирок биздин жердин шартында 2,5 метрден ашты. Дарак бир гана айланага эстетикалык көрк бербестен, андан үй эмеректерин жасаса да болот”,-деди.

Павловниянын мекени - Япония менен Кытай. Японияда “кири” деп айтылат. Япон калкынын салтында кыз бала төрөлгөндө ага арнап бир түп дарак тигип койчу экен. Кыз бойго жеткенде, даракты кыркып, андан кызга сандык жасап берчү дешет. Япониянын улуттук акча бирдигинде ушул дарактын жалбырагы жана гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн.

Каарманыбыз өмүрүнүн 27 жылын чоор, сыбызгы, сурнай, ооз комуз, комуз, керней, добулбас сыяктуу кыргыздын салттуу музыкалык аспаптарын жасоого арнап келет. Ал павловния дарагынан музыкалык аспаптарды жасоону максат кылган.

“Павловния дарагында бутак болбойт. Бул чирибей турган касиетке ээ. Нымдуулукту өзүнө албайт. Изилдөөлөргө караганда 12 пайызга чейин нымдуулукту алат экен. Ошондуктан андан лыжа, кайык сыяктуу сууну өзүнө кабыл албай турган буюмдарды жасашат. Мен көп жылдан бери жаңгак, өрүктөн кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасап жүрөм. Эми жаңылык киргизип, павловния дарагынан жасагым келди”,-дейт.

Анын белгилешинче, павловния дарагы 6-7 жыл өткөндөн кийин бийиктиги 10-15 метрге чейин жетип, диаметри 40 сантиметрге чейин болот. Бул дарактын дагы бир пайдалуу жагы көп нектар чогултканында.

“Павловния дарагы 1,5 айга чейин гүлдөп турат. Ошол учурда нектарды көп бөлүп чыгаргандыктан аарылар көп бал топтойт. Жалбырактары чоң болгондуктан тоют катары колдонсо болот. Сөңгөгүн отун катары колдонсо табы күчтүү болот”,-деди Болот Батырканов.

Болот Батыркановдун кол эмгегине таандык музыкалык аспаптар

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!