Мээримдүүлүктүн портрети

20-Сен. 2017, Шаршемби, 15:03

Сыртынан анчейин деле этибар алынбаганы менен ичи мээримге, камкордукка толгон, карайлап калгандарга жол көрсөткөн чакан бөлмө эшигин ачканына 15 жыл болду. Бул аралыкта күйөөсүнөн, кайын журтунан, жада калса ата-энесинен кордук көргөн канчалаган кыз-келиндер көз жашын төгүп келип, күлүп чыгышты. Тагдыры тайкы болгон келин-кыздар үчүн “Ак жүрөк” деген ысым жүрөгүнө жакын, кулагына жагымдуу угулат. Өз жыргалынан кечип, ага үмүт артып келген аялдарга жол көрсөтүп, наристелерди убактылуу мээримге бөлөгөн Дарика Асылбекова ар бир келиндин тагдырын башынан кечирип, жүрөгү менен өткөргөн.

Жакында Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борбору 15 жылдыгын белгиледи. Борбор 15 жыл ичинде 16 миң адамга ар кандай жардам көрсөтсө, анын 12 миңден ашуунун аялдар түзөт. 2000 чамалуу үй-бүлөнү ажырашуудан арачалап калган. Аталган борбордун жетекчиси, психолог Дарика Асылбекова эмне үчүн педагогдук кесибин социалдык ишке алмаштырып борборду ачканын баяндап берди.

“Жан дүйнөм талкаланган тагдырды эч кимге каалабадым”

Мен 30 жылдан ашуун мектепте мугалим болуп иштедим. 2000-жылдары бул сферага аралаша баштап, 2002-жылы “Ак жүрөк” кризистик борборун ачтым. Муну ачуума өзүм окуткан балдардын үй-бүлөлөрүндө кодулоо, басынтуу сыяктуу мамилелерди байкап калчумун. Эң негизгиси менин курагым менен жашташ, жарыш болгон өзүмдүн оор тагдырымды башка аялга ыраа көрбөдүм. Меникиндей тагдырга башка аял туш келип калса, башка бирөөгө жүк болбой, өзү чечип кетсин деген максатта жапа чеккен ар бир аялга жардам көрсөтүү максатында ачкам. Адамдын башына капысынан келген оор тагдыр, капысынан келген кайсы адамды чөктүрүп, жан дүйнөсүн өлтүрүп, стресс-депрессиядан адамдар кайсы жарга болсо да боюн таштап жибергенден кайтпаган, айтор өз өмүрүнө кол салган учурлар болот. Мен ошондой кырдаалдан өзүм чыкканмын. Бул учурда мен аябай кыйналдым. Жан дүйнөм талкаланган тагдырды эч кимге каалабайм.


Борборго жардам сурап келген келин

“Бүлөбүзгө бүлүк түшүргөн чагылган”

1981-жылдын 6-июлу болчу. Тоют жыйноо үчүн окуучулар, айыл эли менен тоого чыкканбыз. Борбордон жетекчи келет деп баары даярданышкан. Жолдошум ал кезде мектеп директорунун орун басары болчу. Тоют жыйноо майрамына даярдык иштеринин башында турган. Адырдын аркы кырынан жетекчилер көрүнгөндө жолдошум ат үстүндө байракты төмөн түшүрөм, ошондо тосуп алуу аземин баштайсыңар деп сценарийди айтты. Байракты колуна көтөрүп, ат үстүндө турганда эле капыстан чагылган түшүп, жолдошум көз ирмемде эле мүрт кетти. Жолдо келе жаткан жетекчилер окуяны көрөр замат артка бурулуп кетишкен...

Жолдошум жаңы эле отузга чыгып жаткан курагы болчу. Жолдошума түшкөн чагылган биздин үй-бүлөгө караан түн түшүрүп, чиедей төрт балам менен жалгыз калдым. Ыйлагандан башка эч нерсе колуман келбей отуруп калгам. Ошондо бирөө мага жол көрсөтүп, тигиндей же мындай бол деген эмес. Алдыда жарыктын шооласы көрүнбөгөн туңгуюк жашоодо жашап жүрүп, балдарымды жалгыз эрезеге жеткирдим, баарын окуттум.

Тагдырга нааразы болбой күрөшө билүү керек экенин өз тагдырымдан улам айткым келет.

Стресс, депрессиядан чыгуу үчүн психологдор борбордогу келиндерге көнүгүү жасатууда

“Кыйналган күндөрүмө деле макулмун”

Борборду ачкандан ушул күнгө чейин 16 миңден ашуун адамга, анын ичинен 1,5 миңден ашыгы эркектер, 2 миңден ашыгы улгайган кишилер, жаш балдарга психологиялык, социалдык жардамдарды көрсөттүк. 1800дөн ашуун ажырашуу стадиясында турган үй-бүлөнү сактап калдык. Тилекке каршы көпчүлүк учурда бизге жубайлар ажырашып кеткенден кийин келишет. Балдарга алимент төлөө, балдарды талашуу, үй мүлкүн бөлүштүрүү маселеси менен кайрылышат. Бул убакта маселе таталданып, кеч болуп калат. Күйөөлөр мүлктү башка туугандарына каттатып койгондуктан, аялы менен күйөөсү биргелешип үй курган чакта дагы анын бир бөлүгү аял кишиге тийбей калып жатканы өкүндүрөт.

Мен адегенде психологиялык окуулардан өттүм. Кризистик кырдаалда адамды чөгүп кетүүсүнөн кантип чыгаруу керектиги тууралуу чет өлкөлөрдөн билим алдым.

Чын жүрөгүмдөн аялдарга жардам бергим келгендиктен, ушул атты койгом. Адегенде кандай болот деп кооптонгом. Ошол убакта эле үй-бүлөлүк турмушунан запкы жеген аялдарды кезиктирип, алардын жан дүйнөсүн тыңшап, жардам бергим келчү.

Ошондо эң биринчи аялдар күчтүү болуусу керектигине ынандым. Ар бир адам өз көйгөйү менен өзү күрөшүп, өзү аракеттениши керек экен. Мындай учурда адамга өзүнөн башка эч ким жардамга келе албайт. Себеби анын жан дүйнөсү өзүнө гана маалым.

Кыйналган күндөрүмө да макулмун. Мен кандай учурда кыйналам? Мага үмүт артып келген аялга жардам бере албай калганда, күчүм жетпей калганда кыйналам. Көбүнчө соттун чечими чыккандан кийин дагы соттун чечими ишке ашпай калат.

"Ак жүрөк" кризистик борборунун убактылуу баш калкалоочу жайында жашаган келиндердин кол өнөрчүлүгү

“Эсимден кетпеген эки каарман”

Баласы өз энесин уруп, боздотуп туруп эшикке чыгарып койгон учурда жанымды коерго жер таппай аябай жан дүйнөм кашайды, кыйналдым. Байкуш эне жалгыз уулун күйөөгө тийбестен, кимдир бирөөгө өгөйлөткүсү келбей багыптыр. (Күйөөсү жаш кезинде өтүп кеткен экен) Уулу эр жетип энесин багаар кезде кол көтөрүп жатпайбы.

Өз перзентинен кечкен эненин окуясы да жүрөгүмдөн кетпейт. Бой жетип, өз алдынча турмуш кура турган мезгилге жеткен кызды жаман жолго бардың деп кызынан баш тарткан ата-энени ынандыра албай кыйналдык. Элибиде “Уяда эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген таамай сөз бар. Алар эң биринчи күнөөнү өздөрүнөн издебей, өз перзентинен баш тартып, көчөгө чыгарып койду. Ал кызды өз ата-энесинен башка ким түшүнмөк эле, ким ага таяныч болот эле? Мейли биз түшүнөлү, борбордо кайсы бир убакытка чейин кармайбыз, соңунда баары бир кызды жакындарына алып барышыбыз керек да. Эки жыл бою күрөшүп жүрүп, кызды ата-энесине араң коштук. Чынында кыз жаңылып калган. Туура эмес жолду басып алды деп эле көчөгө чыгарып койгон менен маселе чечилбейт. Кыз балага туура тарбия берип, жол көрсөтпөгөн күнөө ата-энеде.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!