Оштун он визиттик карточкасы

5-Окт. 2017, Бейшемби, 13:51

Бүгүн Ош шаары 3017 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул калаа байыркы тарыхы, бай маданияты, көп улуттуу эли, меймандостугу менен өзгөчө.

“ZAMAN.KG” маалымат агенттиги Ош шаарын туулган күнү менен куттуктап, калаага келген ар бир коноктун эсинде калган, шаар тургундарын сыймыктандыра турган өзгөчөлүктөрүн тизмектеди. Эгерде Сиз Ош шаарына биринчи ирет барып жатсаңыз, бул өзгөчөлүктөрдөн кыя өтпөңүз.

Ак-Буура дарыясы

Шаардын так ортосун аралап агып өткөн Ак-Буура дарыясы бар. Шактарын сууга салаңдатып, күн сайын жүзүн сууга чайкап турган мажүрүм тал бири-бирин толуктап турат. Ак-Буура дарыясынын узундугу 136 чакырым.

Сулайман-Тоосу

Сулайман-Тоого чыксаңыз, чалкып жаткан Ош шаарын алаканга салгандай көрөсүз. Батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо катары сыпатталат. Дагы бир бейрасмий аты – экинчи Мекке. Уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы – Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат. Тоонун ичинде музей жайгашкан. Музейге тоонун түбүнөн кирип, тепкичтер аркылуу көтөрүлүп олтуруп, тоонун башынан чыгып кетет.

2009-жылы Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Жайма базар

Шаардагы башкы базар Ак-Буура дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Ош калаасы б. з. ч. IV к. – б. з. V кылымында шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү борбор болгондугу айтылат. Карт тарыхтын күбөсү болгон базар чыныгы чыгыш стилинде жасалган. Ал жерден жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн уникалдуу буюмдары, Оштун жаңы, кургатылган жер-жемиштери өзгөчө орунга ээ.

“Чычкан манты”

Ош шаарына барып, бул өзгөчө тамактан даам таткан ар бир жаран анын жагымдуулугун унутпайт болуш керек. Кадимки эле камырдан жасалып, ичине картошка салынган кичинекей мантыларды жергиликтүү эл “чычкан манты” деп атайт. Бул ат мантынын кичинекей көлөмдө болгондугуна байланыштуу чычкан деп аталып калган.


Аш

Аш – кадимки эле даамдардын бири катары саналбайт. Өзгөчө жакын санаалаш, дос-курбулардын башын кошчу жөрөлгө болуп калды. Акыркы убактарда чогулуп аш жечүлөр үчүн ондогон чайканалар ачылган. Ал жерге чогулгандар аш буюртма беришип, чер жазып олтурууну салтка айландырган. Конокторду чайканада аш менен сыйлоо жөрөлгөсү да жайылып баратат.

Самсы

Ош шаарында самсы жасаган ашканаларды кадам сайын кезиктирген менен, бул тамакты мыкты кайталангыс даам менен жасаган эки-үч гана борбор бар. Рецеби баарына белгилүү кадимки эт менен пияздын камырга оролгону, тандырга бышканы маалым болгону менен анын даамы бири-бирин кайталабайт.

Меймандос эли

Ош шаарына кимдин үйүнө болбосун конокко барбаңыз, дасторконун дүйүм даамга толтуруп, жылуу тосуп алуу салты унутулган эмес. Эң кур дегенде “жүр, чай ичебиз” деп айтканга үлгүрөт.

Оштун дарзабасы

Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгондугу тарыхый маалыматтарда кездешет. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу жибек жолунун ири соода борбору болгон.

Бүгүнкү күндө шаарга кире бериш үч жерде тарыхый инсандардын эстеликтери орнотулуп, сырттан келгендерди тосуп ала тургандай абалда жасалгаланган. Бишкек тараптан жолдун кире беришинде Алымбек датканын айкели, аэропорт тараптан келатканда Манастын эстелиги, Ноокат тараптан келчү жолдо Барсбек кагандын эстеликтери орнотулган.

Шахматчылардын ордосу

Ош шаарындагы Алишер Навои эс алуу багында карыялар күн сайын шахмат боюнча мелдештерди өткөрүшөт. Ардагерлердин шахмат ойноп эс алууну салтка айландырып алышкан.

Ош - өлкөдөгү эң таза шаар

Ош шаарына Кыргызстандагы эң таза шаар деген баа берилип келет. Шаардын тазалыгын “Ош-Тазалык” ишканасы камсыздап, кызматкерлер таңкы саат үчтөн баштап калааны тазалоого киришет. Бул жөрөлгө Түштүк чөлкөмүндө кыз-келиндердин таң эрте эшик шыпырган жөрөлгөсүнө үндөшүп кетет.

P.S: Сүрөттөр интернет булактарынан алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!