9-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын болбойт

9-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 09:06

Бүгүн, 9-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалды багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +16...+21;

Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +12...+17;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +17...+22;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Нарын облусунда түнкүсүн +0...+5, күндүз +14...+19;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +17...+19 градус жылуу болот.

Ал эми 10-11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!