16-октябрь: аба + 24 градуска чейин жылыйт

16-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 08:38

Бүгүн, 16-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Талас аймагында түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24;

Баткен дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+19;

Бишкек шаарында 16-октябрда жаан-жачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +22...+24 градус жылуу болот.

Ал эми 17-октябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. 18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын обустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолордо кар жаайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР