17-октябрь: күн ачык болот

17-Окт. 2017, Шейшемби, 10:07

Бүгүн, 17-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;

Талас аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26;

Баткен дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18;

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +14...+19;

Бишкек шаарында 17-октябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +23...+25 градус жылуу болот.

Ал эми 18-октябрда эртең менен, күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт. 19-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!