18-октябрь: дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт

18-Окт. 2017, Шаршемби, 10:24

Бүгүн, 18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 19-24 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +11...+16;

Талас аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +10...+15;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +14...+19;

Баткен дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18;

Бишкек шаарында 18-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-октябрда күндүз жана 19-октябрда түнкүсүн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +12...+14 градус жылуу болот.

Ал эми 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Тоолордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!