19-октябрь: тоо этектеринде кар жаайт

19-Окт. 2017, Бейшемби, 10:21

Бүгүн, 19-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кээ бир райондордо жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +6...+11;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...+5, күндүз +5...+14;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +5...+10;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +5...+10;

Бишкек шаарында 19-октябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, 19-октябрда күндүз жана 20-21-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

Ал эми 20-октябрда түнкүсүн Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-октябрда күндүз, 21-октябрда күн ачык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!