20-октябрь: күн ачык болот

20-Окт. 2017, Жума, 10:01

Бүгүн, 20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +6...+11;

Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +13...+18;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында 20-22-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +15...+17 градус жылуу болот.

Ал эми 21-22-октябрда жаан-чачын жаабайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!