Бүгүн, 21-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат. Ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22;
Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +17...+22;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +11...+16;
Баткен дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +10...+15;
Бишкек шаарында 21-23-октябрда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +19...+21 градус жылуу болот.
Ал эми 22-23-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.