24-октябрь: айрым жерлерде жаан жаайт

24-Окт. 2017, Шейшемби, 10:05

Бүгүн, 24-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +14...+19;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +10...+15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +10...+15;

Бишкек шаарында 24-26-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +17...+19 градус жылуу болот.

Ал эми 25-26-октябрда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде бир аз жаан-чачын жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!