Исхак Раззаковдун бейнеси сүрөттөрдө

25-Окт. 2017, Шаршемби, 14:59

Бүгүн, 25-октябрь - көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү. Бул датага карата борбор калаадагы Исхак Раззаков атындагы үй-музейде анын өмүр жолуна арналган көргөзмө уюштурулду.

Иш-чара “1945-1960-жылдары Исхак Раззаковдун Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы” деп аталып, ага Исхак Раззаковдун жакындары, студенттер келишти.

Бишкек шаарындагы мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханованын айтымында, көргөзмөдө тарыхый инсандын сүрөттөрү, ал тууралуу жазылган басылмалар, тарыхый материалдары коюлган. Исхак Раззаковдун эл үчүн жасаган эмгектеринин ичинен маданиятка арнаган иштери коюлган.

“Исхак Раззаковдой бир дагы жетекчи маданиятка көңүл бөлгөн эмес. Ал киши маданият дегенде ичкен ашын жерге коюп, театрларда болуп жаткан ар бир спектаклдерге катышкан. Москвада өткөн он күндүк декадага карата даярдыкка өзү көз салып, артисттер менен түн бир оокумга чейин даярдык көрчү экен. Артисттер эскергендей, Исхак Раззаков Москвага жөнөп жатканда ар бир артисттин кандай көйнөк, кандай туфли, ал тургай кандай сумка көтөргөнүнө чейин акыл-кеңешин берген экен”,-деди Момаханова.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген. Ал Кыргызстанда 16 жыл жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

Ал 1910-жылы 25-октябрда Фергана облусунун Коросон айылында туулган.

Биз төмөндө Исхак Раззаков үй-музейинде сакталып турган сейрек фотолорду сунуштайбыз. Үй-музейде Раззаковдун кийген кийими, күндөлүгү сакталып турат.

Ипподромдун ачылышы

Исхак Раззаков жетекчилик кызматта 16 жыл иштеген

Москвада өткөн кыргыз маданиятынын декадасында залкарлар менен

Исхак Раззаков, Бүбүсара Бейшеналиева

Айыл чарба көргөзмөсүндө

Медицина кызматкерлери менен жолугушуу

Исхак Раззаковдун күндөлүгү


Исхак Раззаковдун кийген кийимдери

Исхак Раззаков небереси менен

Исхак Раззаковдун күбөлүктөрү


Исхак Раззаковдун балдары: Эркин, Эмил, Элмира

1958-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын он күндүгү чагылдырылган басылма

Арман Момаханова студенттерге Исхак Раззаковдун сүрөттөрүн тааныштырууда

Исхак Раззаковдун өмүр жолу - келечек муунга үлгү

Москвадагы Кунцевской мүрзөсүндө Исхак Раззаковдун сөөгүн жерге берүү зыйнаты. 1979-жыл


2000-жылы Исхак Раззаковдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө кайрадан жерге берилген


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!