27-октябрь: күн ачык болот

27-Окт. 2017, Жума, 10:22

Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстандын аймагында күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +0...+5, күндүз +14...+19;

Талас аймагында түнкүсүн +0...+5, күндүз +13...+18;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...+5, күндүз +11...+16;

Нарын облусунда түнкүсүн +0...-5, күндүз +11...+15;

Бишкек шаарында 27-октябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1...+3, күндүз +16...+18 градус жылуу болот.

Ал эми 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде бир аз жаан жаап, тоолордо кар жаайт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!