2-ноябрда Кыргызстанда күн ачык болот

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 16:13

Кыргызгидромет кызматынын билдиргенине ылайык, эртең 2-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрмөлүү болуп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;

Нарын облусунда түнкүсүн -3… + 2, күндүз +14…+19;

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;

Талас жергесинде +7…+12, күндүз +23…+28;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми, Бишкек шаарында 2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градусту түзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!