11-ноябрь: өлкөдө күн ачык болот

10-Ноя. 2017, Жума, 15:26

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык 11-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;

Баткен облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Бишкекте 11-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 13…15 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!