21-ноябрь: жаан-чачын болбойт

21-Ноя. 2017, Шейшемби, 09:37

Бүгүн, 21-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +8...+13;

Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +10...+15;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз +1...+6;

Бишкек шаарында 21-нобрда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +8...+10 градус жылуу болот.

Ал эми 22-23-ноябрда күн ачык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!