​ВИЧ/СПИД: санааркаган эне, сабакка барбаган бала

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:36

Кыргызстанда жыл башынан бери ВИЧ илдети бар өспүрүм балдардын саны 589га жетти. Үч жылдан бери БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап ыкмасы ишке киргизилген. Аталган ыкма кандай натыйжа көрсөтүп жатканын билүү максатында Ош облусуттук “СПИД” борборуна баш бактык.

Миргүл: “Төрт балам бар, эң кичүүсү ВИЧ менен ооруп калды”

Ош облусунун тургуну жашы 40дан ашкан Миргүлдүн (аты өзгөртүлдү) эң кичүү уулу он жылдан бери ВИЧ илдети менен жабыркап келет. Анын айтымында, уулу ымыркай кезинде катуу ооруп Ош шаарындагы балдар ооруканасына дарыланып чыккан. Кийин текшериле келгенде ВИЧ илдетин алып жүргөнү аныкталган.

- Менин төрт балам бар. Алардын эң кичүүсү азыр 10 жашта. Ымыркай кезинде көп ыйлап, денеси көгөрүп кеткенинен дарыгерлерге көргөзүү үчүн Оштогу балдар ооруканасына алып келгенбиз. Ал жерден баламдын мээсинде суусу бар экенин, аны алуу керектигин айтышты. Ошол убакта баламдын дарылатканы өзүнчө бөлмөдө мени өзүнчө бөлмөгө жаткырышкан. Кийин Үй-бүлөлүк дарылоо борборунда ВИЧке анализ тапшыргыла дешкенинен текшертип көргөнүбүздө ВИЧ чыгып, борборго каттоого тургузушту. Бул оору ооруканадан жуктубу же башка жактан жуктубу билбейм. Оюмда ийне аркылуу жукту деп ойлой берем. Анткени аталган ооруканада көп жаткан элек. Баламдан ВИЧ чыккандан кийин үй-бүлөбүз боюнча текшерилип, анализ тапшырдык. Жыйынтыгында баарыбыз таза чыктык. Жолдошум экөөбүз ооруп ооруканага деле жатып, Россияга барып иштеп деле көргөн эмеспиз. Эң кичүү баламдын бул илдетти жуктуруп алганын билим азыркыга чейин бушайманмын.

“Балам оорусунун айынан мектепти окубай калды”

Учурда Миргүлдүн уулу 3-класста окуп жатат. Бирок сабакка болгон кызыгуусу жок болгондуктан мектепке баргысы келбейт. Бала үчүн эне баарына кайыл болгондуктан уулун борборго бат-баттан алып келүүгө аргасыз.

- Балам оорусунун айынан мектепке дагы баргысы келбейт. Өзү теңдүү балдар менен аралашып, ойнобойт дагы. Бирөө мени билип калып бир нерсе деп койбойт бекен деп көп сүйлөбөйт. Мектептеги мугалимдер дагы үйүмө чейин келип, “балаңыз окууга такыр кызыгуусу жок” деп келишти. Ага карабастан баламы окууга үндөй берем. Ичиндеги сырын дагы мага айтпайт. Бирок чоңойгондо дарыгер, милиция болгум деп айтып калат. Ал кесиптин ээси болуш үчүн окуш керек, сага окшогон дагы балдар бар деп Оштогу “СПИД” борборуна такай алып келип турабыз. Бул жакка келсе кичине болсо дагы көңүлү жазылып калат. Дарысын убагында эрте менен кечке маал ичип турат. “Апа бул дарыны ичпесем өлүп калам” деп айта берет. Анан мен эмне деп жооп кайтарышты билбей “дарыны ичсем убагында сакайып кетесиң, өзүңдүн ден соолугуңа өзүң күрөш, чоңойгондо ата-энемди багасың балам” деп көп айта берсем дарыны убагында ичет турат. Азыр оюмдун баары баламда болуп калды. Калган балдарым өзү менен өзү. Балам эмне десе анын баарын аткарам.

“Небереме ВИЧ ооруканадан жукту деп ойлой берем”

Борбордо дагы бир пенсия курагындагы апа менен кезиктим. Ош облусунун тургуну. Небереси 2 жашында ооруп ооруканага жатып чыккан. Кийин ВИЧ илдетин алып жүргөндүктөн бул илдет менен 6 жылдан бери жабыркап келгенин айтат.

- Неберем 2 жашында катуу ооруп ооруканага жатып чыккан. Ал жактан уколдорду алган. ВИЧ менен ооруп жүргөнүн 5-6 жылдан бери билбей жүрө берипбиз. Бат-баттан ооруп өзүн жаман сезгенинен текшерилгенде ВИЧ чыгып калды. Үй-бүлөбүз менен жаман абалда калып, жашообуз ушуну менен бүткөндөй эле сезилди. Убакыт өтүшү менен өзү жалгыз эмес экендигин, баламага окшогон оорулуулар көп экендигин билип кичине каниет кылып калдык. Дарыларын үзбөй ичип, лагерлерге барып турат. Өзү сыяктуу ооруган балдар менен эркин сүйлөшө берет. Ал эми коомдо, мектепте өзүн күнөөлүү сезип, тартына берет. Кокустан алар менин оорумду билип калса, кандай кабыл алат деген коркунуч бар. Үй-бүлөбүздө деле өзүбүздү-өзүбүз сактанып эч кимге айтпай турабыз. Келечектен үмүтүбүздү үзбөй келебиз. Булардын келечеги алдыда болгондуктан дары-дармек чыгып, оорудан айыгып кетээрине ишеним менен жашообуз уланып жатат. Азыр неберем 7-класста окуп жатат. Сабактан эң жакшы деген баага окуп, футболго кызыгат. Баламды чектебей өзү каалаган нерсесин аткарып, көңүлүн калтырбайбыз. Атасы өтүп кеткен. Апаса башка турмушка чыгып, башка жакта турат. Алар дагы текшерилишкенде таза чыгышкан. Ооруканадан жукту деп ойлой беребиз. Башка нерседен жугушу мүмкүн эмес. Энеси оорубаса, атасы оорубаса үй-бүлөдө эч ким оорубаса.

Эльмира Нарматова: “ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап ыкмасын колдонуп жатабыз”

Ош облусттук "СПИД" борборунун "СПИДди алдын алуу жана күрөшүү борборунун" директору Эльмира Нарматова соңку үч жылдын ичинде ВИЧ илдетин алып жүргөн энеден балага жугуу учурлары кескин азайганын, ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап ыкмасы жемиштүү натыйжа көрсөтүп жатканын айтат.

- ВИЧ илдетин энеден балага өтүүнүн алдын алуу иш-чаралары ЮНИСЕФ жана Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатат. Алардын көмөгү менен жемиштүү жумуш аткардык. Алсак, 2006-2007-жылдары энеден балага өтүү көрсөткүчү 40 пайызды түзсө, азыркы жылдары 3 пайызга жеткирдик. Бул деген чоң жетишкендик. Дүйнө жүзүндө ВИЧ менен ооруган энеден балага жугушу боюнча 2 пайызды түзөт. Биз дагы бул ага жетүүдө аракет кылып жатабыз. 2013-жылга чейин балдардын канында ВИЧ бар же жогун аныктоо үчүн канын алып, аны Бишкекке жиберчү элек. Көп көйгөлөр пайда болчу. Кантип алып барабыз? Башка адамдарга жугуп калбайбы? Деген чочулоолор жаралчу. Биз ЮНИСЕФке кайрылганыбызда алар дүйнөдө кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоонун заманбап ыкмасын сунуштады. Бул жеңил ыкма аркылуу баланын кан тамырына сайып отурбастан, таманынан кан алып, ВИЧти аныктоонун эң оңой жолуна өтүп калдык. Лабораторияда бир күндүн ичинде жыйынтыгын чыгарат. Ал эми кан тамган кагаз 1 айга чейин сакталып турат. Азыркы учурда биздин борбордо 400дөн ашуун бала каттоого алынган. Ар бир бала менен өзүнчө иштеп жатабыз. 3 жылдан бери Арсланбаптагы жайкы лагерге, Ысык-Көлгө эс алдырганы алып барып турабыз. Статусун ачкан 140 бала бар. Аларды лидер группа деп койгонбуз. Алар дагы башка балдар менен иштешип жатышат.

Кандын кургак тамчысы боюнча ВИЧ диагнозун аныктоо боюнча заманбап ыкма колдонулуп жатат.

Муххамаджан Ахмаджанов: “Балдарга 9 жашынан ВИЧ менен ооруганын айтуудабыз”

Бир жылдан бери “СПИД” борборунда психолог болуп иштеп келген Муххамаджан Ахмаджанов коомчулукта ВИЧ өлүмгө алып келет деген сөз калптанып калганын айтты. Ал оору менен жашоо бүтүп калбаганын дары-дармек ичсе Кудай өмүр берсе жашай берет деген пикирде.

- Биз негизинен балдар менен иштейбиз. ВИЧ статусун ачуу деген бар. Балдарга 9 жашынан баштап “Сенде ВИЧ бар, аны менен жашап жатасың” деп толук маалымат бере баштадык. Ага чейин балдарды даярдайбыз. Себеби ВИЧ статусу ачылганда бала дагы ойго батып стресс, депрессияга кабылат. Ошого жеткирбей даярдаш үчүн үй-бүлөсү кандай, бала ким менен жакшы мамиледе болот таенеси же атасы болушу мүмкүн. Ал адамдардын жакынкы 6 ай ичинде эч жака кетээр, кетпесин аныктап алабыз. Себеби бизде миграция деген бар. Эгер кетпей турган болсо статусун ачып, ВИЧ бар экенин айтабыз. Ачкандан кийин баланы тез-тезден чакырып, топторго катыштырып өзү жалгыз эмес экенин билдирип, башка балдар менен тааныштырып алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Бул оору менен Кудай берген өмүр менен дары менен жашай берсе болот. Дары менен 10 жылдан бери жашап келген балдар бар. Алар дагы да жашай беришет. Болгону вирусту басаңдатуу үчүн такай дары ичип турушка туура келет. Аны үзгүлтүксүз ичип турса адам жашай берет. Борборго келген балдарды ЮНИСЕФтин жардамы менен Ысык-Көлгө алып барып, эс алдырып турабыз. СПИД менен ооруган балдар дагы өспүрүмдөргө өз жардамын берип турат. Айтайын деген оюм бул оору адамды өлүмгө алып келет деген көз караш мурунтан калптанып калган. Дары ичпесе өлүмгө алып келиши мүмкүн. Дары ичсе жашай берет деген маалыматты элге сиңдириш керек болуп жатат.

Маалымат иретинде айта турган болсок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 42 миллиондон ашуун адам катталган. Алардын 50 пайыздан ашыгын төрөй алууга жөндөмдүү аялдар түзөт. ВИЧти алып жүргөн 1.6 млн. баланын ичинен 90 пайызга жакыны инфекцияны оорулуу энеден жугузуп алышкан. Кыргызстанда 2017-жылдын январь айына карата ВИЧ илдеттүү балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 589 болгон, алардын 417 антиретровистук дарыланууда өтүп жатышат. Жыл сайын ВИЧ позитивдүү аялдардан 100гө жакын бала төрөлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!