​Карыларга үмүт тартуулаган Нурболот

04-03-2017

Каарманыбыз Нурболот Заирбек уулу ыктыярчы болуп эмгектенет. Ал учурда жалгыз бой жашаган орус улутундагы Мария апаны 4 жылдан бери карап, үйүн жыйнап келет. Нурболот менен чогуу карыянын үйүнө барып, анын жашоосу, абалы менен жакындан таанышып кайттык.

Кызыл Жарым Ай коомунун “Кыргызстандагы кароосуз калган карыларга жардам берүү” долбоорунун ассистенти Элмира Турсуналиеванын айтымында, аталган долбоордун ичинде 85 ыктыярчылар болсо, алар 200дөн ашуун жалгыз бой кары-картаңдардын үйлөрүнө барып жардам берип келишет.

- Волонтёрлор кыргызча айтканда ыктыярчылар өз эмгеги үчүн акы албайт. Убактысын арнап, кайрымдуулук багытында эмгектенип, майып жана жетимдерге, кары-картаңдарга жардам берет. Биздин долбоордун негизинде Бишкек шаарында 85, Кара-Балтада 50, Токмокто 50 ыктыярчы бар. Алардын басымдуу бөлүгүн студенттер, жаштар түзөт. Ардагерлер арасында дагы ыктыярчылар бар. Учурда Бишкек шаарындагы 200 карыяга жардам берип келебиз. Кара-Балта, Токмок шаарында 100гө жакын карыялар бар. Алардын 95%ы орус улутундагы болсо, калган 5%ы кыргыздар. Карыялардын көпчүлүгү кароосуз калгандар, жалгыз бой жашагандар, ооруп төшөктө жаткандар. Алардын үйлөрүнө барып ыктыярчылар социалдык, коммуналдык кызматтарды көрсөтөт. Үйүн жыйнап, тазалап, сырдап жана коммуналдык кызматтарынын акчасын төлөшөт.

“Ыктыярчыларды кагып-силккен учурлар бар”

Турсуналиева белгилегендей, карыялардын арасында ыктыярчыларды кагып-силккен учурлар бар. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен иш алып барышат.

- Шаарда турган карыялардын алган пенсиясынын жарымынан көбү эле коммуналдык тейлөө кызматтарына кетип калат экен. Алардын каражатын мүмкүнчүлүгү барлар карызын төгүп жардам беришет. Кары-картаңдардын 65%ын байбичелер түзсө, калган 35%ын абышкалар түзөт. Алардын тагдырлары ар кандай болот, турмуштан жолу болбой, же балдары чет өлкөгө иштеп кетип, жалгыз калгандар бар. Кээ бир байбичелер турмушка чыгышкан эмес. Алардын арасында мамлекеттик, абройлуу жерде иштеп пенсияга чыккандарды кезиктирүүгө болот. Алар менен ыктыярчылар өз ара тил табышып алышат. Кээде карыялар ыктыярчыларга ишенбей, ар кандай сөздөрдү айткандары да болот. Аларга ыктыярчыларды ылайыктап, карыялар менен кеңешип тил табыштырып иш алып барабыз.

Нурболот Заирбек уулу: “Карыяга каралашаар эч ким жок полдо жатыптыр”

Ыктыярчы Нурболот Заирбек уулу 22 жашта. Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылында чоңойгон. Мектепти аяктаары менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетин бүтүргөн. Учурда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында эмгектенет. Мындан тышкары Кызыл Жарым Ай коомунда волонтёр. Нурболоттун айтымында, учурда ыктыярчы болуп эмгектенгенине 4 жылдан ашты. Орус улутундагы Мария апанын жумасына эки жолу үйүнө барып, карайт.

Нурболот жаңыдан баргандан карыяга жардам берип жаткан учурда тартылган сүрөт. Ал учурда Мария апанын баскан-турганы тың болчу.

- Мария апа Бишкекте жашайт, азыр 78 жашка толду. Төрт жылдан бери өз ыктыярым менен карап, үйүн жыйнап, кир-когун тазалап, кол кабыш кылып келем. Апа өзү жалгыз жашайт. Мен жаңыдан барганда баскан-турганы тың болчу. Акыркы убакта буту ооруп төшөктө жатып калды. Социалдык кызматкерлер жумасына 3 жолу үйүнө барып тамагын даярдап, үйүн жыйнап турат. Мен жумасына 2 жолу барып үйүн тазалап, таштандыларын алып, идиш-аягын жууйм. Дааратканага бара албагандыктан оорулуулар үчүн ылайыкталган даараткана отургучу бар, анысын тазалап, төгөм. Кээ бири тазалагысы келбей, ал үчүн акча алгандар да кездешет. Бул нерсени тазалабасак апанын жашоосун айтпаса да түшүнүктүү. Бир жолу Ошко зарыл иштерим менен кеткен элем, апа полго жыгылып түшүп, ошол күнү ал жерде жатып калыптыр. Үйү муздак болгондуктан үшүп калыптыр, дагы жакшы, менин ордума калган ыктыярчы келип тургузуп, жылуулап жаткырып коюптур. Апа болсо мага кеп-кеңешин берип турат. Дайыма мени жакшы кызга баш кошуумду айта берет.


“Азыркы учурда алты карыяны карайм”

Нурболот Мария ападан тышкары дагы 5 карыяны карайт. Маал-маалы менен алардан кабар алып, зарыл жумуштарын аткарып бүткөн соң үйүнө кайтат.

- Учурда мен Бишкек шаарында 6 карыяны карайм. Алардын арасында 5 байбиче, 1 абышка. Бирөөсү кыргыз апа. Алар баары жалгыз бой турушат. Жардамга муктаж, ооруп төшөктө жаткандары, буту иштебегендери да бар. Өзүнүн баскан-турганы тыңдары да бар. Мени өкүндүргөн нерсе карыялардын үйүнө кирип, буюм-тайымдарын, акчаларын уурдап кеткендер көп. Арасында уурулук менен алектенген кыздар дагы бар. Азыр карыялардын үйлөрүн тоной беришип, эч нерсеси деле калган жок. Ошондуктан ыктыярчылардан дагы чочулашып, акырындык менен тил табышып алгандан кийин гана баласындай кабыл алып, үйүнө барбай калсаң чалып турушат. Эгер карыяларды карабасак, башка ким карайт? Мага алардын батасын алсам эле жетиштүү.

Биз барган учурда Мария апа керебетте сыналгы көрүп жатыптыр. Үйдүн ичи кир болгондуктан Нурболот аларды жыйнап, тазалоого киришти. Карыя болсо Нурболот тууралуу буларга токтолду:

Мария апа: “Нурболот жашоомо үмүт берип турат”

- Нурболот жашоомо үмүттүн шооласын бергендиктен өз баламдай көрөм. Төрт жылдан бери үйүмө келип, мени карап жатат. Ошко барып келди эле андан кабатыр болуп мобилдик телефонуна чалып, байланышып жаттым. Менин эч кимге керигим жок болуп, бул дүйнө менен кош айтышкым келип, ыйлаган күндөрүм көп болот. Нурболот болсо “сиз мага керексиз, жашашыңыз керек” деп менин жашашыма үмүт берип турат.

Ыктыярчынын айтымында, бирөөгө жакшылык кылсаң, жакшылык менен кайтат деген ишеним менен жашайт. Анткени бир карыя Нурболотко математикадан сабак берип, аны өздөштүрүп алганын мындайча эскерет.

Карыя дааратканага басып бара албагандыктан оорулуулар үчүн ылайыкталган даараткана отургучу бар, анысын ыктыярчы маал-маалы менен келип төгүп, тазалап турат.

- Коомго эмне кылсам пайдам тийет. Канткенде элге жардам бере алам. Мындай ойлор студент кезимде эле пайда болду. Ыктыярчы болгум келип, Кызыл Жарым Ай коомуна келгенимде жашоом өзгөрүлдү. Көп нерсени түшүндүм, карылардын абалын, оор шартта жашап жатканын көрүп, аларды таштап кете албайсың. Алардын арасында деле учурунда мамлекеттик кызматтарда, агартуу тармагында иштеген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери бар. Аларга жакшылык кылсаң жакшылык менен кайтат экен. Бир жолу карыя апанын үйүнө жардам берип калдым. Үйүнүн баары китеп. Математика сабагынан мугалим болуп көп жыл иштептир. “Апа математикага кызыгым, акчасын деле берейин үйрөтүңүзчү десем”, апа “өзүмдүн баламдай болуп калдың. Кол кабыш кылып, жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, жардам бергениң ыраазымын. Кызыгууң болсо бат эле үйрөнүп аласың. Илимге умтулган бала эч жерде кор болбойт”,-деп батасын бергендиктен, математикадан сабак берип, аны бат эле өздөштүрүп алдым.

Кубаныч Жусупбеков

Фото: Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!