1-декабрь: тоолуу райондордо кар жаайт

1-Дек. 2017, Жума, 10:03

Бүгүн, 1-декабрда айрым жерлерде жаан, кар жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...+1 күндүз +3...+8;

Талас дубанында түнкүсүн +0...-5, күндүз +1...+6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +2...+7;

Баткен дубанында түнкүсүн +0...-5, күндүз +2...+7;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +0...-5, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +0...-2, күндүз +4...+6 градус жылуу болот
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!