Алдыдагы дем алыш күнгө карата аба ырайы

2-Дек. 2017, Ишемби, 11:21

Бүгүн, 2-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6 күндүз -4...+1;

Талас дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз -1...+4;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +0...-5;

Бишкек шаарында 2-3-декабрда жана 4-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаайт. 4-декабрда күндүз ачык болот. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3, күндүз -1...+1 градус жылуу болот.

Ал эми 3-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 3-декабрда күндүз жана 4-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!