4-декабрь: кээ бир райондордо кар жаайт

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:03

Бүгүн, 4-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Кээ бир райондордо кар жаайт. Автожолдор тоңголок жана тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз +0...-5;

Талас дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз -2...+3;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз +0...-5;

Бишкек шаарында 4-6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаайт. Ошондой эле туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -1...-3 градус суук болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!