5-декабрь: -17 градус суук болот

5-Дек. 2017, Шейшемби, 09:53

Бүгүн, 5-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз +0...-5;

Талас дубанында түнкүсүн -12...-17, күндүз -1...-6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -4...+1;

Баткен дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6;

Бишкек шаарында 5-6-декабрда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт. 5-декабрда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз -2...-4 градус суук болот.

Ал эми 6-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. 7-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй,Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. 7-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!