6-март: кээ бир райондордо кар жаайт

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Бүгүн, 6-мартта Кыргызстандын кээ бир райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 градус жылуу болот;

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2...-4, күндүз +2…+4 градуска чейин жылыйт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!