​Билимге таянган чет өлкөдөгү жаштар

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Чет өлкөдө акысыз билим алууну көздөп жүрдүңүз беле. Анда бул маалымат сиз үчүн. Учурда чет өлкөдө окуп, билим алып жаткан кыргызстандык студенттер гранттык орундарга тапшырууда өздөрүнүн кеп-кеңештери менен бөлүштү.

Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы

Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы аркылуу акысыз окууга болот. Бакалаврга тапшырууну каалагандарга коюлчу талаптар: үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 25тен ашпаган, магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ, жашы 40тан жогору болбошу керек. Ай сайын бакалаврга - 670 $, магистратурага - 760 $ стипендия берилет. Окууга тапшырууда биринчи этапта зарыл документтерди тапшырган соң, үч айдын ичинде жыйынтык чыгып, талапкерлер тандоо турларына жана маектешүүгө чакырылат. Ал үчүн кошумча маалыматты www.studyinkorea.go.kr сайты аркылуу билүүгө болот.

Аталган программа боюнча магистратурада окуп жаткан мекендешибиз Нурсултан Алтыбаев гранттык орун тууралуу буларга токтолду:

- Мен Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлүп, ошол эле айылдагы мектептен билим алгам. Кийин Ош мамлекеттик университетинин “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигине ээ болуп, учурда Түштүк Кореянын эң алдыңкы университеттеринин бири болгон Ханянда (Hanyang) университетинде магистратурада билим алуудамын. Негизи мен Түштүк Корея мамлекетинин стипендиялык программасы (KGSP) аркылуу стипендия алып окуйм. Бул программа жылына дүйнөнүн 160 мамлекетинен студенттерди тандап алып, акысыз билим берет. Программа бакалаврдык, магистрдык жана докторантуралык негизде окууга кабыл алат. Документтер өзүнчө даярдалып 2-3 турдун негизинде тандоо жүрөт. Негизи Кореяда окууга талап аябагандай эле күч. Ар бир адам жогорку окуу жайына окуганга умтулушат. Ошондуктан тандоо турларына дыкат көңүл бурулат. Белгилүү болгондой суицид боюнча бул өлкө дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Мунун бирден бир себеби ошол билим берүүдөгү болуп көрбөгөндөй атаандаштык, сынактан өтпөй калып стресстин натыйжасында өз жанын кыйышат. Жалпысынан айта турган болсок атаандаштык абдан жогору, анан дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттер жергиликтүүлөр менен атаандашып окууга туура келет.

“Азыр билим алууда мүмкүнчүлүктөр жогору”

Алтыбаев кошумчалагандай, бул өлкөгө окууга тапшырууну максат койгон кыргызстандык жаштардын катары өсүп жатканын, ал үчүн изденип окуу керектигин белгилейт.

- Чынында мага чет өлкөдө же Кореяда кантип окусам болот деп жардам, маалымат сурап көп жаштар кайрылышат. Аларга өзүмдүн кеп-кеңешимди бергенге аракет кылам. Бирок, баарына жардам бергенге мүмкүнчүлүгүм боло бербейт. Ошондуктан жакында окуу тууралуу видео тартып, Интернетке чыгарууну пландап жатам. Негизи чет өлкөгө чыгууда максатыңды так аныктап алыш керек. Мейли окууну, иштиби. Менимче окуу бул максатка жетүүдөгү чоң курал. Ал үчүн алдын ала даярданып алсак, кийинки жолубузга жеңил болот. Азыр билимге умтулган жаштар абдан көп, билим алуудагы мүмкүнчүлүктөр дагы жогору. Демек изденип, аракеттенип ага жетишибиз керек. Бир нерсени баса белгилегим келет. Учурда Интернетте баардык программалар, университеттер жана мамлекеттер жөнүндө маалымат бар. Демек интернетти туура пайдаланып, билим алуу жолун караштырсак, жаштардын жаркын келечегине чоң пайдасын тийгизмек.

Түркия мамлекетинин “Turkiye Bursları” программасы

Бул программа аркылуу Түркиядагы мамлекеттик ЖОЖдордо бакалавр, магистратура жана докторантура боюнча билим алууга болот. Абитуриенттин түрк тилин билүүсү шарт эмес. Гранттык орундар үчүн жыл сайын кыргызстандык студенттер тапшыра алышат. Жатакана, тамак-аш, медициналык кароодон өтүү акысыз. Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр – 200 $, магистрдин даражасы – 300 $, докторлук даражасы – 400 $, илим изилдөө – 1000 $ каражат төлөнөт. Бакалаврга тапшыруу үчүн талапкер орто мектепти, ал эми магистрге тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын бүткөн болушу керек. Окуудагы жетишкендиктери, алган сыйлыктарына көңүл бурулат. Баалоо эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта керектүү документтерди интернет аркылуу тапшыруу керек. Экинчи этапта Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинде маектешүүдөн өтүү зарыл. Кошумча маалыматты www.turkiyebursları.gov.tr сайтына катталып алууга болот.

Дастан Разак уулу: “Программа аркылуу дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн келген студенттер окуйт”

Бул программа аркылуу Түркиянын Измир шаарындагы окуу жайда докторантурада окуп жаткан студент Дастан Разак уулу программанын артыкчылыгы тууралуу ой бөлүштү.

- Мен Ош облусунун Алай районунун Кабылан-Көл айылында туулуп өскөм. Азыр Түркиянын Измир шаарындагы Докуз Ейлул университетинде тарых бөлүмүндө докторантурада окуп жаткан кезим. Бул жакка “Түркия стипендиялары” деген программа менен 2016-жылы келгем. Аталган программа менин билишимче 20 жылдан ашуун дүйнөнүн чар тарабынан эң мыкты студенттерди кабыл алып, билим берет. Жылына дүйнөнүн 180 ден ашуун өлкөсүнөн жүз миңдеген тапшыруулар болуп, алардын 5 миңдейи эле өтөт. Мен да бул программага тапшырып, эки баскычтан турган (онлайн-интернет, маектешүү) сынактан өтүп, гранттык негизде жолдомо алдым. Мындан башка дагы Ерасмус, Мевлана деген да 1 жылдык же 1 семестрдик программалар бар. Бирок, алардан өзгөчөлөнүп аталган программа бакалаврдык, магистрдик, доктордук болобу толук түрдө окутуп, мыкты адистикке даярдап, колуна дипломду карматат. Бул программада жатакана, 2 маал тамак, медициналык кароодон өтүү акысыз. Стипендия берилет. Ар кандай иш-чаралар, семинарлар өтүп турат, шарттары абдан жакшы.

“Кыргыз тарыхын жаңы көз карашта изилдөөдөмүн”

Дастан учурда кыргыз тарыхын Түркиянын тарых булактарынан маалымат топтоп жаткан убагы. Келечекте кыргыз тарыхын жаңы көз карашта изилдөөнү көздөп жатат.

- Бул программа менен тапшырып Түркияга келем деген жарандарга айтаарым, жакшы окугула, иш-чараларга катышкыла, ийгиликтерди жаратсаңар бул жакка келүү жеңил болот. Негизинен Кыргызстаныбызда көптөгөн жарандарыбыз бул программа менен окуп бүтүп, алды депутат, министрликтерде иштеп, өлкөбүздүн алдыңкы бизнесмендери болсо, чет өлкөдө да өз ийгиликтерин жаратып иштеп келе жаткандар бар. Менин да максатым докторантураны окуп бүтүп, кыргыз тарыхын жаңы көз карашта, тереңирээк изилдейин деген оюм бар. Себеби биз орус булактарына таянып калганбыз. Бул жактан түрк, англис, араб, иран булактары менен таанышууга болот. Келгениме аз болсо да кыргыз тарыхы тууралуу биз билбеген жаңы материалдарды таап баштадым. Азыр ошону изилдөөнүн үстүндөмүн.

Кытай Эл Республикасында стипендиялык окуу

Кытайдын Ланчжоу шаарындагы жогорку окуу жайында гранттык окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жатакана, тамак аш акысыз. Ай сайын төлөнүүчү стипендия: бакалавр - 420 $, магистратура - 500 $ төлөнөт. Бакалаврга тапшыруу үчүн орто мектепти аяктаган, жашы 20дан ашпашы керек, магистратурага тапшыруу үчүн бакалавр даражасына ээ, жашы 45тен ашпашы керек. Тиешелүү документтер болушу зарыл. Жыйынтыгында бардык талаптарга жооп берген катышуучулар университетке тандалып алынат.

Учурда Ланчжоу шаарындагы жогорку окуу жайында билим алып жаткан Күлүпа Эсенбекова окуу жайдын артыкчылыгы, билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.

– Талас шаарынан болом. Мектепти аяктаарым менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырып, журналистика факультетин аяктагам. Азыр Кытайдын Ланчжоу шаарынын технологиялык университетиндеги мекеме башкаруу факультетинде магистратурада 2-курста окуп жатам. Кытай жергесине келип окуган чет элдик студенттер абдан көп. Жылына 175 мамлекеттен 300миңден ашуун студенттер кабыл алынат. Алардын арасын кыргызстандык миңдеген студенттер келип, гранттык жана контракттык негизде билим алышууда. Гранттык негизде окуган студенттер үчүн, окуу, жатакана акысыз жана айына стипендия берилет. Магистратура жана докторантура үчүн мамлекеттик толук грант жана бакалаврда окуган студенттер үчүн ректордук жана улуу жибек жолу деген толук эмес гранттар бар. Университетте мындан башка көптөгөн коомдук иш чараларды өткөрүп турушат. Азыркы күндө Кытайдын университеттерине тапшыруу кыйынга деле турбайт, бирок келгенден кийинки студенттик жашооң жана окууң кандай болот ар бир студенттин өз колунда. Кытай тили дүйнөдөгү эң кыйын тилдердин бири болуп саналгандыктан аны эң жогорку деңгээлде үйрөнүп өздөштүрүү ар бир студенттин аракетине жараша дээр элем. Ошондуктан бул жакка келип окуп жаткан студенттерге айтаарым кытай эли бизде акысыз жана сапаттуу билим алууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп бергендиктен мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек.

Россия, Европадагы гранттык орун тууралуу

Кыргызстандык студенттер үчүн аталган өлкөлөрдөн башка дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө гранттык окууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Алсак, Россия кыргызстандык студенттер үчүн 2017-2018-жылкы окуу жылына гранттык негизде 400дөй орун бөлгөн. Ал орундар айыл-чарба, маданият, инженердик иш, гуманитардык, техникалык жана табигый илимдер боюнча берилген. Ал эми Европа өлкөлөрүнөн билим алууга кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн тиешелүү документтерди кабыл алуу иши жыл сайын күз айларында башталат. Евробиримдиктин Эразмус+ программасынын алкагында кыргызстандык студенттер үчүн европалык ЖОЖдордон билим алуусуна жол ачылган. Аталган программа Кыргызстанда билим берүү багытында ишмердүүлүгүн акысыз жүргүзүп келет. Учурда Латвия өлкөсүнө кыргызстандык студенттерди 2017-2018-жылкы окуу жылына кабыл алуу 1-февралдан 1-апрелге чейин жүрмөкчү. Ал үчүн окууга тапшырууну каалагандар ушул шилтеме аркылуу http://viaa.gov.lv/…/international_cooperation/scholarships…маалымат алып, анкета толтуруусу зарыл. Талапкер англис же латын тилин билүүсү шарт.

Кубанычбек Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!