18-декабрь: аба +8 градуска чейин жылыйт

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:29

Бүгүн, 18-декабрда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9 күндүз +0...+5;

Талас дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Баткен дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз +0...-5;

Бишкек шаарында 18-декабрда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +1...+3 градус жылуу болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!