19-декабрь: күн ачык болот

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:17

Бүгүн, 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3...-8 күндүз +1...+6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +4...+9;

Баткен дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +5...+10;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +2...+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз +0...-5;

Бишкек шаарында 19-декабрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +4...+6 градус жылуу болот.

Ал эми 20-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаайт. 21-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!