Жыл сереп- 2017: Адам өмүрүн жалмаган кырсыктар

19-Дек. 2017, Шейшемби, 18:33

"Убакыт учкан куш",- деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Анткени, бир канча күндөн кийин 2017-жыл менен да коштошуунун алдында турабыз. Бирок, үстүбүздөгү жылдын ичинде Кыргызстанда көптөгөн жетишкендиктери болгону менен жай турмушта кабырганы кайыштырган окуялар да болбой койгон жок. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын ичинде Кыргызстандын аймагында катталган үрөй учурган авто кырсыктарды "Zaman Кыргызстан" маалымат агенттиги тизмектеп көрдү.

Эмесе жылды жыйынтыктаган материалыбызда токтолордон мурда, Ички иштер министрлигинин билдирген маалыматты көңүл бура кетсек. Анткени Кыргызстандын аймагында катталган жол кырсыктын кесептинен акыркы 11 айын ичинде 820 адам көз жумган. Ошондой эле 2017-жылдын башынан бери 5 миң 852 жол кырсыгы болуп, андан 8 миң 734 киши жабыр тарткан. Ал эми өткөн жылдын ушул аралыгында жол кырсыгынын саны 5 миң 323тү түзгөн. Анын кесепетинен улам 857 киши каза болуп, 8 миң 105 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

10-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 128-чакырымында, Жайыл районунда “МAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен "Honda CR-V" унаасы кагышып, жыйынтыгында эки адам каза болгон. Андан сырткары 3 адам ар кандай жаракат алышкан.

3-февралда саат 12:14дөр чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында күйүүчү май ташыган автоунаа жол боюндагы үйдү сүзүп, оодарылып калган. Кырсыктын кесептинен унаанын ичиндеги 3 киши ар кандай жаракат алган жана 40 тонна майдын жарымы төгүлүп калган.

27-мартта Кадамжай шаарына бурула беришинде аскерлер бараткан автоунаа жол кырсыгына кабылган. Анда унаанын тормозу кармабай жол четиндеги жаңы курулуп жаткан турак үйдү сүзүп алган. Анын кесепетинен 29 адам жабыркаган. Бул жаңы курулуп жаткан үйдө адамдар жашачу эмес. Ал эми аскер кызматкерлери Оштон Баткен облусуна машыгуу үчүн баратышкан. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул турак үйдү күйүүчү май ташыган автоунаа дагы сүзүп алган.

31-март күнү Бишкек - Ош унаа жолунун 574-чакырымында, Сузак районунун аймагында май ташуучу унаа менен "Honda Fit" кагылышкан. Кырсык кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам күйүп кеткен.


8-апрелде саат 19.00дө Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 79-чакырымында, тагыраагы Чымкоргон айылындагы айланма жолунда чыгышты көздөй бараткан "BMW" үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыга калып, "Toyota Mark 2" унаасы менен кагышкан. Артта келе жаткан "Mersedes" үлгүсүндөгү унаа дагы кагышкан. Кырсыктын айынан Toyota өрттөнүп, үч адам набыт болду. BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү дагы алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Ал эми Mercedes автосунда келе жаткан үч аял менен үч жашар бала ооруканага жаткырылган.

13-апрелде саат 18.20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында Чүй облусунун Кемин районунда "Хонда Одиссей", "Мерседес Бенц", "Тойота Хайлендер" үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.


29-майда болжол менен саат 16:00 чамасында Баткен - Ош жолунун 45-чакырымында "Honda Stepwagon" үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта бара жатканда дөңгөлөгү жарылып кеткен. Айдоочу рулду башкара албай калып, жол четине сүрүлүп барып, андан кийин бир нече ирет ала салып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 киши мерт кеткен.

11-июнь күнү кечки саат жетилер чамасында Кара-Балта менен Беловодское айылынын ортосундагы темир жол өтмөгүндө поезд менен жүк ташыган кичи автобус сүзүшкөн. Кырсыкка кабылган "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Бишкекке келе жаткан. Унаанын айдоочусу поезддин келип калганын байкабай калган. Бирок, кырсыктан улам каза болгондор жок.



8-июлда эртең менен саат 07:00дө Бишкек - Токмок жолунда "Toyota Avensis" автоунаасынын айдоочусу уктап кеткендиктен жолдун каршысына чыгып, катуу ылдамдык менен бордюрду сүзгөн. Салондогу эки жигит жана бир кыз ошол жерден жан берген. Тактай келгенде алардын 30 жашта экендиги аныкталган. Дагы бир аял оор абалда ооруканага жеткирилген.

20-июль күнү саат 06-30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 468-чакырымында Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылында жол кырсыгы катталган. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен "Хонда Одиссей", оор жүк ташуучу "МАН" үлгүсүндөгү автоунаа жана "Хонда Степвагон" үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышып, 8 адам каза болгон.

8-августка караган түнү Ноокен районунун Достук айылынын Ош-Бишкек унаа жолунун 487-чакырымында "Хонда Стэпвагон" үлгүсүндөгү унаа менен "МАН" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып, 7 орундуу унаадан 3 адам каза тапкан. Жеңил унаадагы жүргүнчүлөр Лейлек районунун тургундары болгон.

22-август күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын жанынан "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу унаасын башкара албай топ адамдарды сүзүп кеткен. Жол-транспорттук кырсыктын айынан 64, 65, 68 жаштагы үч улгайган аял жана 12 жаштагы бала каза болгон.

8-сентябрда таңга жуук саат 04:45дер чамасында Балыкчы - Каракол унаа жолунун 112-чакырымында “Lexus RX300” унаасы жол кырсыгына учурап күйүп кетип, андагы 4 адам каза болгон. Унаадан эки кап кара куурай түшүп калган.


14-сентябрда түнкү саат 10:00дөр чамасында болгон. Анда "Ауди-100" менен "Хундай Портер" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыгынын кесепетинен Ауди-100 унаасындагы 6 адам каза болгон. Каза болгондордун ичинен 5 адам жол кырсыгы болгон жерден, 1 адам ооруканадан көз жумган.

1-октябрга караган түнү болжол менен саат 03:00дөр чамасында катталган. Тез жардам кызматынын бригадасы Бает айылынан кош бойлуу аялды алып Чолпон-Атаны көздөй бара жатканда артынан "Mercedes Benz" келип сүзгөн. Сокку катуу болгондуктан Тез жардам унаасы бир нече ирет аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, фельдшер, кош бойлуу аял жана анын тууганы каза тапкан.



Аламүдү­н районунда 3-октябрда саат 14:00 чамасы­нда Бишкек-Торугарт у­наа жолунун 5­-чакырымында ­ч­ыгыштан-батышты көздө­й келе жаткан "­Портер­" үлгүсүндөгү унаа менен батыштан-­ч­ыгышты көздөй бара жат­кан "­Субара-аутбек" үлгүсүндөгү унаа каг­ылышкан­.­ Жол кырсыгынан ­ 2 адам каза болуп­,­ 2 адам жаракат алга­н.




7-октябрда таңкы саат 7:30дарда Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан "Тойота Ландкрузер" автоунаасы "КамАЗ" менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктын кесептинен улам алган жаракатынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу каза болгон.


8-октябрь күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 423-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "Вольво" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Хонда-Фит унаасындагы 5 адам каза болгон (2 эркек, 3 аял).


6-ноябрда таң эрте Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында "Honda Stepwgn" автоунаасы менен газ ташып бараткан "МАН" автоунаасы кагышкан. Катталган жол кырсыктын кесепетинен он киши набыт болду. Сегиз киши кырсык болгон жерде каза тапса, экөосү ооруканада кайтыш болгон. Алардын арасында алты айлык наристе да бар.

Ушул эле күнү болжол менен саат 20:20ларда Бишкек - "Манас" трассасында катуу ылдамдыкта бараткан BMW унаасы жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен төрт киши каза болуп, бирөө ооруканага жаткырылган.

13-ноябры күнү саат 7:00 чамасында алдын ала алынган маалымат боюнча Балыкчы-Ананьева-Каракол автоунаа жолунда "БМВ" үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеттип, жол жээгиндеги даракты сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичиндеги 3 адам каза болгон.

14-ноябрда эртең мененки саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында, Лейлек районунда катталган. Анда "Honda Stepwgn" жана "ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен улам үч адам каза болгон.

18-ноябрь күнү саат 12:30 чамасында Балыкчы-Казарман жолунун 234-чакырымында, Жумгал районунун Өрнөк айылында болгон. Анда Нарын облусунун 1969-жылы туулган тургуну "Ауди-100" үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, рулду башкара албай калып, унаа 12 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен окуя болгон жерде 3 эркек жана 1 аял киши каза болгон. Ошондой эле 1 адам аймактык ооруканага жеткирилген.

26-ноябрь күнү Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусунда, жолдун 169-чакырымында "Тойота Карина" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам 1964-жылы туулган айдоочу жана анын 1964-жылы туулган аялы, 1990-жылы туулган кызы менен 2017-жылы төрөлгөн небере кызы каза болгон.

Ушул эле күнү Ош-Иркештам унаа жолунун 54-чакырымында, Алай районунун Талдык айылында жол кырсыгы катталган. Анда "Лексус ЛХ-470" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, натыйжада унаа ала салып кеткен. Кырсыктын кесептеинен каза болгондор Ош шаарынын тургундары жана бир тууган Марифовтор болуп чыккан.

11-декабрда болжол менен саат 13:35 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында, "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө “Тайота Авенсис” үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, унааны суунун ичинен чыгарышкан. Анын ичинен төрт адамдын сөөгү табылган. Алар 75 жаштагы Кочкор районунун тургуну, 20, 44 жана 48 жаштагы Бишкек шаарынын тургундары болушкан.

16-декабрда саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Токтогул районундагы Торкент айылына жакын жерде "Степ Вагон" менен "Хундай Гетц" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

Урматтуу окурмандар, ай айланып, жыл өтүп дагы бир жылды сиздер менен бирдикте узатканы жатабыз. Жаңы жыл сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, бийиктиктерди алып келсин! Элибизде тынчтык, бейпилдик, аруулук жана өнүгүү болсун! Эң негизгиси, ден-соолугуңуз бекем, үй-бүлөдө, иштериңизде ийгиликтер болуп жана мезгилден артта калбай, ар дайым биз менен бирге болуңуздар!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!