Жаңы жылда канча күн эс алабыз?

22-Дек. 2017, Жума, 16:05

Кыргызстандыктар жаңы жылда төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Сапар Исаков өкмөттүн “Дем алуу күндөрүн которуу жөнүндө” токтомуна кол койду.

Ага ылайык, 31-декабрь, 1-2-3-январь күндөрү эс алуу болот. Беш күндүк жумуш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекеме уюмдардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 2 жана 3-январдагы жумушчу күндөрү 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январдагы дем алуу күндөрүнө жылдырылат.

Мындай чечим мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дем алуу жана майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусу үчүн кабыл алынган. Бул токтом беш күндүк жумуш графиги менен иштеген жеке менчик юридикалык жактарга сунуш мүнөзүндө болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!