Кыргызстандагы кышкы туризмдин абалы кандай?

25-01-2017

Тоо койнунда орун алган Кыргызстандын ажайып кооздугу туристтерди төрт мезгилде тартууга ылайыкташкан. Учурда өлкөдө кышкы туризм кызуу жүрүп жаткандыктан тоо лыжа базаларында эс алып жаткан эс алуучулар арбын десек жаңылышпайбыз. Ошол эле учурда кышкы туризмге көңүл бурулбаган жагдайлар дагы жок эмес.

Кыргызстанда кышкы туризмдеги лыжа тебүү мезгили декабрь айында башталып, апрелге чейин уланат. Өлкөдө кышкы эс алуу кеңири жайылгандыктан чет өлкөдөн келген туристтердин саны арбын. Алсак Европа, Азия, КМШ мамлекеттеринен бир катар туристтер эс алганы келишүүдө. Туризм департаментинин маалыматына таянсак, өлкө аймагында 25 тоо лыжа базасы болсо, учурда анын 16 лыжа базасы жергиликтүү жана чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүүдө. Алар, “Каракол”, “ЗИЛ”, “Нооруз”, “Төө Ашуу”, “Чуңкурчак” жана башкалар. Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү эс алгандардын саны башка күндөргө салыштырмалуу жогору. Эс алуунун наркы лыжа базаларынын шартына, кызмат көрсөтүүсүнө жараша эсептелет.

Спортчулар эс алган “Төө Ашуу” лыжа базасы

Суусамыр өрөөнүндөгү Ош-Бишкек жолунда жайгашкан “Төө Ашуу” лыжа базасында эмгектенген Айгерим Жанболотованын айтымында, лыжа базасына келгендердин саны арбын.

“Биз жуманын ишемби, жекшемби күндөрү гана иштейбиз. Биздин лыжа базага акыркы убакта чет өлкөдөн туристтер көп келишүүдө. Европа, Россия, Казакстан мамлекеттеринен келип жатат. Учурда суукка байланыштуу эс алгандардын агымы азыраак. Спортчулар дагы эс алып, денелерин чыңдап кетишет. Алар топ-тобу менен бир жумадан 10 күнгө чейин эс алышат. Байкашыма караганда туристтер биринчи жылы келсе, эмки жылы дагы келишет. Туристтер шартыбызга карап сын пикирлерди айткан учурлар болгон эмес. Эгер лыжа база жакпаса бир жолу келип, кийинки жылы келмек эмес”,- деди ал.

Кышкы туризмди тоо лыжа базалары өнүктүрүүдө

Туризм жаатындагы серепчи Аскат Сеитбеков Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу буларды айтты:

“Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүүрүдө жергиликтүү лыжа базалардын салымы чоң. Анткени алар өздөрүнүн материалдык базасын чыңдап, жергиликтүү жана чет өлкөдөгү туристтерди өзүнө тартып жатышат. Кышкы туризмди өнүктүрүүдө өкмөт тарабынан буга чейин “Тоо лыжа кластеры” деген долбоор кабыл алынган. Ага ылайык, Ысык-Көл аймагына 5 тоо лыжа базасын ачуу каралган. Эгер ал базалар ишке кирчү болсо Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырууда чоң өбөлгө түзүлмөк. Мындан тышкары туризмди алдыга сүрөө үчүн экологияны коргоо боюнча мыйзамдарды өзгөртүү керек. Мисалы, тоо койнунда орун алган бак тарактардын бир даанасы кыйыла турган болсо, аны көбөйтүү үчүн 10 даана тигиш керек. Айрым жерлерди кышкы эс алууга ыңгайлуу болуш үчүн дөңсөөлөрдү түздөп, лыжа тепкенге ылайыкташтыруу зарыл. Жерди түздөтүүгө механикалык жактан дагы кыйынчылыктар бар. Себеби бул тармакка кызыккан инвесторлор коркуп иштерин баштай албай жатат”,-деди ал.

“Кыргызстан кышкы туризмден артта калды”

Аскат Сеитбеков Кыргызстан кышкы туризм жаатынан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн артта калды деп эсептейт. Ал үчүн тоо лыжа базаларын өнүктүрүүнү өкмөт колго алуу керек деген пикирде.

“Биз кышкы туризм жагынан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн артта калдык. Башка мамлекеттер абдан эле өнүгүп кетти. Мисалы, Андора деген чакан мамлекет бар, ал өлкөдө болгону 70 миң эл жашайт. Бирок, ошого карабастан 44 лыжа базасы бар. Жылына 8 миллионго жакын эс алуучулар келишет. Кыргызстанда болсо 20 чакты тоо лыжа базалары бар. Анын төртөө гана жакшы өнүккөн. Калган базаларды дагы өнүктүрүүбүз керек. Бизде кышкы туризмдин потенциалы көп. Башка өлкөгө салыштырмалуу бийик тоолорубуз бар, кар калың жаайт, ошону пайдаланганды үйрөнүшүбүз керек. Кышкы туризм фестивалдарды көп өткөрүп, эс алуучуларды өзүбүзгө тартканыбыз оң”,-деди Аскат Сеитбеков.

Туризм департаменти: “Өлкөдө кышкы туризм өнүгүүдө”

Ал эми Туризм департаментинин жетектөөчү адиси Индира Шадыканова Кыргызстанда кышкы туризм өнүгүп жатканын айтат. Ал белгилегендей, өлкөнүн ажайып кооздугуна арбалып, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн эс алганы келип жатат.

“Кышкы туризм Кыргызстанда өнүгүп жатат десем жаңылышпайм. Анткени биздин кооз, бийик тоолоруна суктанып, туристтер көп келип жатат. Көбүнчө туристтер КМШ мамлекеттеринен, Россия, Казакстан, Европа, Швейцария, Нидерландия, Франция жана башка мамлекеттерден келип жатат. Алардын өздөрүндө эле миңден ашуун лыжа базалары бар. Ага карабастан биздин табиятыбызга, кооз жерлерге, тоолоруна суктанып келишүүдө. Кыргызстанда бардыгы болуп 25 тоо лыжа базалары бар. Анын 16сы учурда иштеп жатат. Бизде потенциал абдан чоң, бир гана бул жакты өнүктүрүүдө иштеш керек. Туризм департаменти бул жаатта бир топ иштерди жүргүзүүдө. Кышкы фестивалдарды көбүрөөк өткөрүп, элди өзүбүзгө тартуу үчүн иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Өткөн жылы туристтер аба-ырайына байланыштуу аз келишти. Себеби жай мезгилинде жамгыр көп жааганы менен байланыштуу болду. Ага карабастан көпчүлүк туристтер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көп келишти. Ал эми өткөн жылкы туристтердин так саны тууралуу маалыматым жок”,-деди ал.

Февраль айында бир кышкы фестивалдар өтөт

Индира Шадыканова алдыңкы күндөрү кышкы туризмге чакырык жасаган бир катар фестивалдар болоорун айтат. Алсак, жакынкы күндөрү “Кыргызстан-тоо лыжа жана кышкы эс алууга ыңгайлуу өлкө” деген аталышта фестивал өтөт. Мындан тышкары Ысык-Көлдө тоо лыжа базалары курулууда.

“4-февралда “Тогуз-Булак” тоо лыжа базасында бир катар демөөрчүлөр менен биргеликте “Кыргызстан-тоо лыжа жана кышкы эс алууга ыңгайлуу өлкө-2017” кайрымдуулук фестивалды өткөргөнү турабыз. Фестивалды өткөрүүдө Туризм департаменти 3 жылдан берип колдоо көрсөтүп келет. Анын башкы максаты кышкы туризмдин өнүктүрүү, ал тууралуу туристтерге маалымдоо жана оорукчан балдарга жардам берүү. Мындан тышкары кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда февраль айында дагы көптөгөн фестивалдар өтмөкчү. Ал эми Ысык-Көл облусунда “Тоо лыжа кластери” долбоорунун алкагында беш тоо лыжа базасы ачылуунун алдында турат. Ал жергиликтүү өз алдынча бийлик органдары жана ишкерлердин өнөктөштүгү менен өнүкмөкчү. Тоо лыжа базаларын Ысык-Көлдүн Жыргалаң, Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш аймактарында курулууда”,-деди Индира Шадыканова.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!