Өзгөндө жер жаракалары пайда болду

7-Март 2017, Шейшемби

Ош облусунун Өзгөн районунда 6-март күнү саат 08:00 чамасында Чаңгет айыл аймагынын Өстүрүү айылында Шоро жана Допу участкасынын жогору жагында жер сүрүлүп жаткандыгы байкалган. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын кызматкерлери Допу участкасында жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгында:

Сүрүлүп жаткан жердин тушунда 2 турак үйдөн башка үйлөр жок экендиги аныкталган. Жер көчкү коркунучу жаралган 2 үйдүн жашоочулары коопсуздук үчүн туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

“Өстүрүү айылынын Шоро участкасындагы сүрүлүп, жаңы жарака пайда болгон жер 30 см чейин чөгүп, 50 см аралыкка чейин жылган. Учурда көчкүнүн жанында жашаган 10 турак үйдөн 6 үй бүлө 18-февралда көчүп чыгып, 4 үй бүлө түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат”,-деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!