Сузакта бир киши үй бүлөсүн бычактап салды

7-Март 2017, Шейшемби

Сузак районунда бир үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-март күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Сузак РИИБге оор кылмыш жөнүндө маалымат түшкөн. Окуя болгон Ырыс айыл аймагына ыкчам тергөө тобу, РИИБдин жетекчилиги жана прокуратура кызматкерлери барышкан.

Окуя болгон үйдөн 1962-жылы туулган К.А. аттуу аялдын жансыз денеси табылган. Ага бир нече жолу бычак сайылган. Ошол эле үйдүн короосунан анын жолдошу — 1963-жылы туулган Э.Х.нын жана үйдүн ичинен 1996-жылы туулган баласынын жансыз денеси табылган. Ал эми, 1988-жылы туулган кызы К.Р. аймактык ооруканага ар кандай жаракат менен жеткирилген.

"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, 1962-жылы туулган үй ээси Ош облусундагы психикалык ооруканада дарылануудан өтүп турчу. Ал Ооганстанда кызмат өтөп, ошол жактан катуу жабыркаган. 5-март күнү үй-бүлөдө чыр чыккан. Ал эми 6-март күнү эртең менен үй ээси "мечитке кеттим" деп кетип, кайра саат 15:00дө келип, үй-бүлө мүчөлөрүн бычактаган. Андан соң өзүнө бир канча жолу бычак сайган. Учурда "адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!