9-март: айрым жерлерде жаан жаайт

9-Март 2017, Бейшемби

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде бир аз жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу болот;

Таласта түнкүсүн -3…-8 градуска төмөндөйт. Күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5 градус суук, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;

Нарында түнкүсүн -18…-23 градуска чейин төмөндөйт, күндүз 0…-5 градус болот.

Ал эми Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -3…-5 градус суук, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!