2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы

2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы
10-Янв. 2018, Шаршемби, 12:15

2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Маалыматка караганда, жыл ичинде аймактарды таза суу менен камсыздоо, жолдорун оңдоо, жаңы жумуш орундарды түзүү, экспорттук потенциалын көтөрүү жана ал үчүн чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга көңүл бөлүнөт.

Эскерте кетсек, 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!