Дем алыш күнгө карата аба ырайы

Дем алыш күнгө карата аба ырайы
13-Янв. 2018, Ишемби, 11:20

Бүгүн, 13-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10 күндүз -3...+2;

Талас дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз -4...+1;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +0...-5, күндүз +1...+6;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10;

Бишкек шаарында 13-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз -1...+1 градус суук болот.

Ал эми 14-15-январда көпчүлүк аймактарда кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!