​15-январь: кар калың жаап, аба жылуу болот

​15-январь: кар калың жаап, аба жылуу болот
15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:30

Бүгүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Ысык-Көл жана Талас өрөөнүндө 0…-5 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0…5 градус жылуу болот. Ал эми Нарында болсо 5…-10 градус суук болушу күтүлөт.

Бишкек шаарында кар жаап, абанын температурасы 3 градус суук болсо, Ош калаасында 4 градус жылуу болот.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!